Бүгүн чемпиондор лигасынын 8/1 финалы старт алат

Бүгүн, 12-февралда футбол боюнча Европа чемпиондор лигасынын плей-офф баскычтары башталат. Анда эки оюн бир убакта Англияда жана Италияда өтөт. 

Англияда өтүүчү беттеште “Манчестер Юнайтед” “Олд Трафорд” стадионунда  Франциянын “ПСЖ” командасын кабыл алат. Эки команда буга чейин болгону 2015-жылы АКШда өткөн турнирде бир жолу беттешкен. Анда Париждиктер 2-0 эсебинде уткан эле. Бугүн Париждиктердин эң мыкты эки оюнчусу Неймар менен Кавани жаракатына байланыштуу талаага чыга албайт.

Италияда болсо, Римдин “Рама” командасы Португалиянын “Портусун” кабыл алат. Ал эми жооптук оюндар 6-март күнү өткөрүлүп, анан жеңүүчүлөр аныкталат.

Белгилей кетсек, эки оюн Кыргызстандын убактысы менен түнү саат 2:00дө башталат.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген