Бүгүн Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды

Бүгүн борбордо бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды. Чемпионат Кааба Уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө.

Мелдеш эркектер жана кыз келиндер арасында болуп, ага Кыргызстандын бардык облустарынан 19 жаштан 40 жашка чейинки 200 гө жакын спортчулар катышууда.

Анда эркектер 46 килограммдан жогору болгон 9 салмак категорияда күч сынашса, кыз келиндер 45 килограммдан 75 ке чейинки 6 салмак категорияда мелдешишет.

Турнирдин максаты, мыктыларды аныктап Кыргызстан курама командасын толуктоо жана кийинки жылы өтүүчү Азия оюндарына даярдык көрүү болуп саналат.

Жыйынтыгында ар бир салмакта байгелүү орунга жеткендерге, КРнын бокс федерациясы тарабынан медаль, диплом жана баалу сыйлыктар тапшырылат. Бүгүн башталган мелдеш 4 күнгө уланып, 18-ноябрь күнү жыйынтыкталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген