Бүгүн Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күч сынайт. Анын атаандашы ким?

Биздин спортчу кыз 62 килограммга чейинки салмакта кыз -келиндер күрөшүндө күч сынашат. Биринчи жеңишке ал латвиялык Анастасия Григорьева менен мелдешип, экинчисине – румыниялык Криста Тунде Инчени менен күрөшүп, утушка жеткен.

Жарым финалда анын атаандашы украиналык Ирина Коляденко болду. Бүтүндөй күрөштө ишенимдүү түрдө үстөмдүк кылган Тыныбекова 10 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда утуп алды.

Финалда биздин спортчу Юкако Каваи менен беттешет.

Япониялык спортчу 1997 -жылы туулган. 2014 -жылы кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон.

2018 -жылы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болгон.

2019-жылы Казакстанда өткөн Олимпиадага чейинки дүйнө чемпионатында 62 кг салмакта Юкако коло медалга ээ болуп, Токиодогу Оюндарга олимпиадалык лицензия алган. 2020 -жылы ал Азия чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, Тыныбекова менен Юкако Каваи буга чейин килемде жолугушкан. Бул 2019-жылы Нур-Султан шаарында болгон. Анда биздин спортчу 1/8 финалда япон спортчусун жеңген.

Бирок 2020 -жылы дүйнө чемпионатында Тыныбекова Юкако Каваига 6: 1 эсебинде утулуп калган.

Алардын беттеши бүгүн Бишкек убактысы боюнча 17: 55те болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.