Бүгүн аймактык шайлоо комиссияларына билдирүүлөрдү кабыл алуу аяктайт

Аймактык шайлоо комиссияларына билдирүүлөрдү кабыл алуу бүгүн, 1-мартта аяктайт. Кабыл алуу түн жарымга чейин жүргүзүлөт.

Белгилүү болгондой, 45 мандат үчүн 30 партия ат салышууга билдирүүсүн жиберди.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде өтөт. Бул күнү өлкөдөгү 448 кеңештин: 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоодо утуп чыккан саясий партиялар 4 жыл иштейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.