Азык-түлүк жана дан эгиндерин экспорттоого тыюу салынды

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабинеттин башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдерди жарыялады. Ал белгилегендей, айыл чарба министрлиги тарабынан өз убагында иш-чаралар көрүлсө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көйгөйлөр жаралбайт. Бирок бүгүнкү күндө көрүнүш таптакыр башкача. Андыктан сөзсүз чара көрүлүшү зарыл.

“Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкары айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салынууда. Кеп буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана тооктун жумурткасы жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшү байкалууда. Буга байланыштуу тоютту: чөптү, курама тоютту, жүгөрүнү, арпаны экспорттоого толук тыюу салынат », – деди Улукбек Марипов.

Башка чечимдер дагы кабыл алынган. 2021-жылдын 8-июлунан баштап, үй бодо малын жана майда жандыктарды экспорттоого тыюу салынган. Ошондой эле, 3 миң тонна кант жана өсүмдүк майы сатылып алынды.

«Өлкөгө алынып келген кант, өсүмдүк майы жана этти кошумча нарк салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды. Бюджетке болжол менен 200 миллион сом түшпөй калат деп түшүнөбүз. Бирок биз жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылышыбыз керек. Бул чечим жакшы жакка өзгөрүүлөрдү алып келет деп ойлойм », – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.