Азык-түлүк коопсуздугу. Химиядан органикалык чарбага өтүү

Жай-күз мезгилинде тамак-аштан уулангандар көп катталат. Учурда Ош облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылгандардын 60 пайызын тамак-аштан уулангандар түзүүдө.

Матлюба Өтөбаева дене табы көтөрүлүп, абалы кескин начарлап кеткенде балдары дарыгерлерге кабарлашкан. Бейтап ооруканага тез жардам унаасы менен жеткирилген. Андан бери абалы жакшыра баштады.

Матлюба Өтөбаева – Ош облусунун тургуну

Химиялык жер семирткичтердин зыяндуулугу

Инфекционист Медербек Сатыбалдиев оорунун жайылышына мөөнөтү өткөн тамак-аштар жана жашылча-жемиштердеги нитраттардын көп болушу себеп болуп жатканын айтты. Химиялык жер семирткичтер менен өндүрүлгөн жашылча-жемиштер организмдеги уулуу заттардын көбөйүшүн шарттайт. Мындан тышкары, ысыкта азыктар тез бузулуп, анын кесепети да ууланууга алып келүүдө. Жабыркаган адам кусуп, алсырап, дене табы көтөрүлөт. Мындайда улгайгандар менен жаш балдарды этияттоо зарыл. Бул курактарда оору курч өткөндүктөн, баштапкы белгилери байкалар замат дарыгерге кайрылуу керек.

Медербек Сатыбалдиев – Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери

Фермер Канат Капаров химиялык жер семирткичтер ден соолукка гана зыян болбостон, жердин сапатын да бузарын билдирди. Мунун айынан бара-бара түшүмдүүлүк азайып, өсүмдүк өстүрүү мүмкүн болбой калат. Ошондуктан жер кыртышына зыян кылбаган табигый жер семирткичтерди колдонуп, коопсуз, таза продукцияларды өндүрсө болот.

Канат Капаров – фермер

Химиялык жер семирткичтер көп колдонулууда

Айыл чарба министрлигине караштуу органикалык чарба департаментинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрдүн айдоо аянты 1 миллион 200 миң гектар. Анын ичинен 38 миң гектар органикалык айдоо аянты. Ал эми 48 миң гектарды жапайы өсүмдүктөр ээлесе, калган бөлүккө химиялык дарылар колдонулат.

“Табигый жер семирткичтердин эффективдүүлүгү үч жылда байкалат. Бара-бара топурактын асылдуулугу артып, түшүм көбөйөт. Ал эми химиялык дарылардын таасири 1-2 күндө эле билингендиктен жер кыртышына, өсүмдүктүн сапатына зыян экендигине карабай көпчүлүк дыйкандар колдоно берет”. 

“Бүгүнкү күндө департаменттин ар бир облуста бирден бөлүмү бар. Ал жерде дыйкан, фермерлерге табигый  жер семирткичтердин пайдасы, колдонуу жол-жоболору түшүндүрүлөт. Каалоочулар Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык “Триходермин” , “Биолиглин” деген дарылардын түрлөрүн сатып алса болот. Анын бир литри 50-55 сомдун тегерегинде”, – деп айтылат департаменттин маалыматында.

Органикалык айыл чарбаны түптөө аракети

Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жаатында “BIO-KG” органикалык кыймыл федерациясы иш алып барууда. Федерациянын жетекчиси Искендербек Айдаралиевдин айтымында, чет мамлекеттен кардарлар тонналаган азыктарды сатып алуу боюнча келишим түзүшөт. Мындайда дыйкандар аз көлөмдөгү продукцияны өз алдынча экспортко чыгарууда кыйналып келишкен. Ошондуктан федерация 23 айылда дыйкандардын башын бириктирген органикалык аймак түздү.

Органикалык аймактын курамына  каалоочу дыйкандар мүчө болуп киришет. Аларга химиялык жол менен өндүрүлгөн азыктарга салыштырмалуу табигый продукцияларга суроо-талап жогору экендиги, наркы кымбат болушу түшүндүрүлөт. Органикалык түшүм алууда табигый жер семирткичтерди жасоо боюнча мастер-класстар көрсөтүлүп келүүдө. Маселен, малдын кыгынан, чириндилерден биогумус жасоо жана жалбыз, тамекини ачытып, биологиялык препарат катары колдонсо болот.

Федерация тарабынан органикалык аймактарда өндүрүлгөн азыктардын сапаты боюнча Кыргызстандын ички рыногуна жарактуу сертификаттар берилет. Ал эми экспортко чыгарууну жеңилдетүү үчүн ар бир органикалык аймактын расмий сайты ачылууда. Алгачкылардан болуп Талас облусундагы “Талды-Булак” органикалык аймагынын электрондук сайты ишке кирет.

Искендербек Айдаралиев – BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси

Табигый, мол түшүм алган дыйкан

Ош облусунун тургуну Сайпидин Умаров 10 жыл мурун химиялык жер семирткичтерди гана колдонуп келген. Бирок, жыл санап түшүмдүүлүк азайып бараткандыктан, органикалык дарыларды пайдаланууга өткөн. Маселен, 40 сотых жерден 5 тонна картошка алып жүргөн болсо, табигый жер семирткичтердин арты менен түшүмдүүлүктүн көлөмү 8 тоннага чейин көбөйгөн.

Органикалык азыктардарды өндүргөн дыйкан айдоо аянтын которуштуруп пайдаланат. Бир сезондо картошка айдаса, кийинкисинде жүгөрү эгет. Негизинен табигый жер семирткичтерден малдын кыгы менен биогумусту пайдаланат. Булар жерди семиртип, түшүмдүн мол болушуна жардам берет. Ал эми өсүмдүктөргө каршы зыянкечтерди жок кылууда “энтомофаг” сыяктуу биодарыларды колдонот.

Дыйкандын эң башкы эрежелеринин бири – түшүмдү жыйнап алгандан соң айдоо жерине жакшылап кам көргөндүгү. Күз мезгилинде эле малдын кыгын чачып, трактор менен айдатып коет. Ошентип экологиялык таза продукцияларды Кыргызстандын өзүндө гана эмес, Орусияга чейин экспортко чыгарып келүүдө. Бир сезондогу кирешеси орточо 200 миң сомду түзөт.

Сайпидин Умаров – дыйкан

Органикалык жер семирткичтерди табуу кыйын эмес

Органикалык түшүм алууда биогумустун пайдасы чоң. Учурда Кыргызстан боюнча биогумус өндүрүп саткан ишкерлердин “Борбор Азия багбандар биримдиги” деген тобу бар. Алар дыйкандарга өз продукциясын саткандан тышкары, видеосабактар аркылуу кеңештерди да беришет.

Бул топтун мүчөлөрү биогумустун баасы арзан болгондуктан, аны колдонуу дыйкандар үчүн ыңгайлуу экенин белгилешет. Мындай жер семирткичти ар бир адам өз алдынча өндүрсө болот. Биогумус чачылган жердин топурагы жылдан-жылга күчтөнүп, түшүмдүүлүк артат. Аны сатып алууну каалагандар 0550 20 00 07 номерине байланышса, жер семирткичти өлкөнүн бардык аймагына жеткирип беришет.

Биогумус өндүрүү: аудио+видео

Дүйнөдө экологиялык таза продукцияларга жыл санап суроо-талап көбөйүүдө. Аны менен биргеликте органикалык чарбага өткөн мамлекеттердин да катары калыңдап жатат. Дыйканчылыктын негизги аймактары Австралия, Европа жана Латын Америкасында жайгашкан. Ал эми дүйнөлүк рынокто 44 миллард евро киреше менен Америка алдыда турат.

Айыл-чарба жаатындагы серепчилер Кыргызстандын экономикасын да органикалык чарба аркылуу көтөрүүгө болорун айтышат. Айдоо аянттарынын саны аз болгону менен, жаратылышы таза аймакта экологиялык азыктарды өндүрүү бир кыйла жеңил.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.