Азия оюндары: Кыргызстан өз тарыхында рекорд жаратты. Инфографика

Индонезияда өткөн Азия оюндарында  эркин күрөш  боюнча чемпион болгон монголиялык балбан Орхон Пуревдорж медалынан ажырашы мүмкүн. Бул тууралуу Азия Олимпиадалык кеңешинин сайты жазды.  Анткени монголиялык спортчунун канынан тыюу салынган станозол заты табылган.Эми алтын медаль бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши мүмкүн. Балбан кыздын медалы колго тийсе, бул Кыргызстандын быйылкы Азия оюндарындагы үчүнчү алтын медалы болот.

Жалпы кыргызстандык спортчулар   XVIII жайкы Азия оюндарында 20 медаль утту.  Бул өлкөнүн тарыхындагы рекорд десе болот, анткени буга чейин спортчулар мынчалык көп байгеге жетишкен эмес эле.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин   Азия оюндарына алгач ирет 1994-жылы Японияда катышкан. Анда  спортчулар 4 күмүш, 5 коло медаль жеңип, кыргыз спорт тарыхында жаңы барак ачылган. Эң жакшы көрсөткүч 2002-жылы Пусан шаарында өткөн оюнда болуп, алгачкы ирет алтын медалга ээ болушкан. Андан кийинки үч Азия оюну кыргызстандык спортчулар үчүн зор ийигилик алып келген эмес. Ал эми быйылкы Индонезияда болгон жайкы Азия оюндарында өлкө жаңы тепкичке көтөрүлдү.

Азия оюндары Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында төрт жылда бир өткөрүлөт. 1951-жылы Нью-Дели шаарында өткөн алгачкы Азия оюндарына 11 өлкөнүн спортчулары катышкан.  Андан кийин Филиппинде, Японияда, Индонезияда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Иранда, Кытайда, Катарда болгон. Быйылкы мелдеш 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Паламбанг шаарларында өттү.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген