Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСине 110 млн доллар каражат бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСине 50 млн доллар гранттык жана 60 млн доллар өлчөмүндөгү насыялык каражат бөлдү. Каражат оңдоо иштеринин үчүнчү баскычындагы иштерге жумшалат.

Жогорку Кенештин маалымат кызматы кабарлагандай, Токтогул ГЭСиндеги жумуштардын буга чейин биринчи жана экинчи баскычындагы иштер аткарылган. Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн акчага үчүнчү баскычтагы жумуштарды бүтүрүү пландалууда.

“Насыя каражаты “Электр станциялары” ишканасына кайра насыяга бериле тургандыктан, бюджетке кошумча күч келтирбейт. Мында акча каражаттарын кайтаруу – кубаттуулукту көбөйтүүнүн жана электр энергияны кошумча иштеп чыгаруунун эсебинен ишке ашырылат”,-деп белгилешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Кубаттуулугу – 1200 МВт. ГЭСтеги жабдыктар эскирип калгандыктан, толугу менен алмаштырууга муктаж.

Сүрөт: K-News

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген