Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасын жаңы багытка чыгаруу аракеттерин колдоо жана COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө көмөк көрсөтүү максатында 80 млн долларлык реформаларды аткарууга багытталган насыялоо программасын колдоду. Бул тууралуу АӨБдөн билдиришти.

Маалыматтан белгилүү болгондой, аталган каражат Экономикалык диверсификацияга көмөктөшүү программасынын (PEDP) экинчи кичи программанын алкагында 69,3 млн доллары насыя жана 10,7 млн доллары грант катары берилет.

Ошентип, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга топтому менен 80 млн долларга жакын акча каражат берет.

Бул каржылык колдоо өлкөнүн алтын казуусуна жана акча которуулардын көз карандылыгынан чыгуусуна жардам берүү максатын көздөйт.

Маалым болгондой, программа сооданын жана инвестициялардын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуучу реформаларды колдойт, чакан жана орто ишканалардын өнүгүүсүнө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктураны өнүктүрүүнү жакшыртууга, фискалдык башкарууну жана социалдык коргоонун туруктуулугун жакшыртууга жардам берет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.