Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга каражат берет

Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында Кыргызстанга каражат бөлөт.

Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарын туруктуулугун күчөтүү” боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлоруна макулдугун берди.

Долбоордун жалпы бюджети – 43,6 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкынын каражаты – 38,6 млн доллар, анын ичинде гранттык каражат – 16,8 млн доллар, жеӊилдетилген насыя каражаты – 21,8 млн доллар. КР Өкмөтү долбоорго 5 млн доллар кошот. Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген