Ажырашуудан кийинки жашоо. Муаззам никеге даярдоо курстарын ачууну көздөйт

“Чымчыктын да уясы бузулбасын”, – деген сөздү дээрлик баарыбыз эле угуп, таамай айтылган сөз экендигине ынанып, ыңгайы келгенде колдоно калып жүрөбүз. Тилекке каршы, коомубузда бузулган үй-бүлөлөрдүн, ал ортодо атасынан же энесинен тирүүлөй айрылып калган балдардын саны арбып келет. Бул жолку каарманыбыз Муаззам 21 жашында ата-энесинин чечими менен турмушка чыгып, күйөөсү бар аял катары беш жыл жашаса, жолдошу менен болгону бир жыл өмүр сүргөн. Чет жерде иштеп жүрүп, үйүнө келбегендигинен улам, уулу атасын тааныбай, атасы да наристесине эч кандай мээрими жок болуп калгандыгын айтат Муаззам .

“Уулум атасы менен чогуу жашоо укугунан ажырады, атасы менен баласы бөлүндү. Эми менде эки эсе чоң жоопкерчилик турат. Балама ата да, эне да болушум керек. Бул үчүн мага опол тоодой чоң күч жана аракет керек экендигин жакшы билем. Ошондуктан, күйөөсү менен ажырашып кеткен аял болуп, өзүмдү алсыз сезип, мукурап олтуруп алууга акым жок.

Жаш кезимден эле адамдардын жан-дүйнөсүнө кызыгып, психолог болууну самачумун. Турмуштан ажыраган соң ошол кыялым кайра жанданып, өзүмө окшогон аялдарга жардам бергим келе баштады. Анткени күйөө менен ажырашкан аял депрессияга түшүп, жашоого болгон кызыгын жоготуп коюшу ачык эле көрүнүш.

Негизи жашоодогу жүз берген нерселердин баары бекеринен болбосуна ынандым. Эгер мен ажырашпасам, анда ажырашкан аялдардын жан-дүйнөсүн, сезимдерин түшүнбөйт болчумун да.

Кайын журтумдун ары карап өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп, ал эми келинге бөтөн адамдай, кулдай мамиле жасаган үй-бүлөдө өмүрүмдү өткөрүүгө күчүм жетпеди. Мындан ары менин жашоого болгон көз карашыма, кызыгууларыма жана максаттарыма көңүл бөлүп да койбогон жолдошум менен бир үйдө турууга мүмкүн болбой калды. Чыдамымдын чеги жетип, беш жылдык үй-бүлөлүк жашообузга чекит койдум да, баламды алып ата-энемдикине кетип калдым.

Ата-энемдин каалоосу менен турмуш жолуна аттанган элем. Апамдын сөзүн эки кылбаган жаным ошол замат эле макул болуп, өз энем мага жаман адамды тапмак беле деген ой менен тааныбаган эле бирөөнүн жары болдум. Алгач жакшы эле жашап жүрдүк. Баш кошконубузга бир ай болгондо эле жолдошум иштегени Дубайга кетти. Жаштыгыма салдымбы билбейм, айтор, турмуш деген ушундай да деп кайын энем менен кала бердим.

Арадан бир жарым жыл убакыт өткөндөн кийин жолдошум кайтып келди. Жаңы баш кошкон кезибиздегидей эле күлүп-жайнап, жадырап тосуп алдым, сүйүндүм. Бирок ал кубанычым көпкө созулган жок. Жолдошумдун “мен жокто сен апамды алдап жүрдүң, сен жалганчысың”,- деген сөздөрү биринин үстүнөн бири жаап олтуруп, акырындап жүрөгүмдү жаралай берди. Алгач анча маани бербей, кийинчерээк кайын энем менин дарегиме жалган сөздөрдү жаадырып, күйөөмө жеткирип жүргөндүгүн билип калдым.

Жолдошум кайра кетти. Кайрадан кайын энем  менен калдым. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрүп кайын энем менен беш жыл чогуу жашап коюптурмун. Ал ортодо бир уулдуу болгонго жетиштим. Күйөөсү бар аял деген атым эле болбосо, келип-кетип иштеп жүргөн жолдошум менен бир жыл гана чогуу жашаптырбыз.

Материалдык байлыкты баалуулук деп билген, оту менен кирип, күлү менен чыгып жүргөн келиндин көңүлү менен эсептешип да койбогон үйдө күн кечирүү барган сайын кыйындай берди. Канча түндү жаздыгымды кучактап, ыйлап жатып өткөрдүм. Мен дагы өзүмдү бактылуу сезип, уулубузду ортого алып, өзүмдү аял сезип, жолдошум менен жанаша баскым келди. Балабызга чогуу тарбия берүүнү кааладым. Бирок мен каалагандай болбоду, кыялдарым орундалган жок. Карап көрсөм жолдошум дүйнөнүн түбүнө жетчүдөй эмес, үйгө келип биз менен чогуу жашачу түрү жок. Же бизди алып кетүүнү ойлобойт. Акыры эки жолго түшүү сунушун киргиздим. Мени таң калтырганы-  жолдошум ошол замат эле макулдугун бергени болду. Ошентип, уулум атасын тааныбаган бойдон мени менен кетти.

“Чыккан кыз чийден тышкары” дегендей, менин ажырашып келгенимди уккан туугандарымдан, кошуна-колоңдордон көңүл кейитерлик сөздөрдү уктум. Бирок чөгүп кеткен жокмун, ата-энемди кыжаалат кылгым келбеди. Колуман келишинче күчтүү болуп, алсыздыгымды, көз жашымды көрсөткүм келбеди. Азыр деле эшикте күлүп жүрсөм, үйгө киргенде баламды кучактап ыйлап-ыйлап алам. Бирок жолдошумдан кеткениме эч өкүнбөйм. Эми алдыма чоң максат койдум, ал максатка жетүү үчүн учурда күчтүү психологдордун лекцияларын угуп, керектүү жерлерин жаза калып жүрөм. Келе жаткан окуу жылында магистратурага тапшыруу планым бар.

Ооба, менин да кемчиликтерим толтура. Өзүмдү аппакмын деп эсептебейм. Кайненем, жолдошум аркылуу кемчиликтеримди көрдүм, ушул убакка чейин өзгөргөнгө, айтылган алсыздыктарымдын үстүнөн иштегенге аракет жасап келем. Материалдык байлыкка караганда руханий байлыкты жогору эсептегендиктен, өсүп- өнгүм, коомго пайда алып келгим келет, өзүмдү башкаларга керектүү сезгим келет.

Келечекте үй-бүлөсү бузулган айымдар менен, ата-энеси эки жолго түшкөн балдар менен тыгыз иштешип, аларга жардам берүү менин кыялым. Андан тышкары никеге турууну пландап жаткан жаштарга никеге чейинки окуу курстарын ачууну максат кылып койгом. Албетте, бул нерсе биздин коомго жат көрүнүш, алгач уккан адамга кызыктай туюлат. Бирок эң зарыл жана керектүү нерсе деп эсептейм. Өнүккөн мамлекеттерде никеге чейинки окуу курстары байма-бай ачылып, ажырашуулардын алдын алынып жатат.

Биздин өлкө деле жагымсыздыктан арылса болооруна ишенем. Сынган буюмду жамап, бүтөгөнгө караганда, сындырбай сактап калган жакшыраак. Нике деле ушул сыяктуу, бузулгандан кийин жубайларга сооронуч бергенге караганда, бузулуунун алдын алыш керек деп эсептейм.

Турмуш кура турган жаштар үй-бүлөдөгү эркек менен аялдын орду жана милдеттери тууралуу түшүнүк алып, натыйжада ажырашуулардын, ата-энесинен тирүүлөй айрылган балдардын саны кыскарышына салым кошсом деген тилегим бар.

Ошондой эле уулумдун жоопкерчиликтүү, чечкиндүү жана үй-бүлөнү көздүн карегиндей сактаган жигит болуп эр жетишине болгон күчүмдү жумшайм”.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.