Ажылык-2017: эрежелер, бөлүнгөн орундар жана баалар

Кыргызстандан акыркы төрт жылда 16 миңден ашык киши ажыга барды. Бул аралыкта ажылыктын баасы 300 долларга көтөрүлдү. “Ынтымак” төрт жылдагы ажылыктын нарктары, бөлүнгөн орундар тууралуу сандарды чогултту. Ошондой эле ажылыктын парздары, важиптери, сүннөттөрү жана адептери тууралуу маалыматты сунуштайт.

2017-жылы 4 585 адам ажыга барат. Алардын 141ин ажы башчылар, дарыгерлер, ашпозчулар түзөт. 4 444 адам – зыяратчылар. Быйылкы ажыга барчу топтун алгачкылары 6-августтан тартып учушат. 6-7-8-августтагы каттамдар Бишкек шаарынан жөнөйт. Ажылардын экинчи тобу 9-августтан 19-августта чейин Ош шаарынан жөнөп кетишет.

Ажыларды кайсы учак ташыйт?

Быйыл кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Аравиянын Flaynas авиакомпаниясы ташыйт. Быйыл авиабилеттин баасы 1550 АКШ долларды түзгөнүн компаниянын өкүлдөрү билдирди. Ажыларга 30 килограмм жүк, 10 килограмм кол жүк, 5 литр зам-зам суусун алууга уруксат берилди.

Жол акыга кошулган 160 доллар эмнеге жумшалат?

Бул жыл ажылыктын баасы 160 долларга жогорулады. Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов муну Сауд Аравиядагы чатырларга кондиционер коюлушу менен түшүндүрдү.

“Быйыл ажылык сапары эң ысык учурга туш келип жаткандыгынан болуп жатат. Сауд Аравиянын аймагындагы шарт өтө катаал, жайдын саратанында аба ырайы 50-55 градуска чейин ысыйт. Андыктан Ажылык министрлиги зыяратчыларга шарт коюп, кондиционери бар чатырларга жайгашууну сунуштап жатат. Ал чатырлар отко туруктуу жана салкын келет”, – деди ал. Ошол эле учурда Кыргызстандагы ажылыктын баасы коңшуларга салыштырмалуу 600 долларга арзан экенин белгиледи.

Эми ажылыктын парздары тууралуу сөз кылалы. Ажылыктын парздарына мусулман болуу, акыл-эстүү, эрезеге жеткен жана көз карандысыз болуу сыяктуу жагдайлар кирет. Негизги зарылдыктардан тышкары ажыга барып кайтканга чейин жеке өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-тиричилигин камсыз кыла ала турганчалык деңгээлдеги байлыкка ээ болуу шарт.

Ажылыктын адептеринде адал киреше менен баруу биринчи орунда. Күнөөлөрүн кечирилишине дуба кылып, жолго чыкканга чейин карыздарды төлөө шарт. Ажылык учурунда пайдасыз иштерден алыс, ибадат-жакшылык иштер менен алек болуу каралган. Ошондой эле сапарда жүргөндө  урушуудан, жаңжалдан, талашып-тартышуудан оолак болуу керек.

Ажылыктын сүннөттөрүн аткаруу аркылуу ажылыктын сооптору көбөйөт. Эч кандай себепсиз эле ажылыктын сүннөттөрүн аткарбай коюу макрух. Бирок сүннөттөрү аткарылбай калса жаза жок.

Ажылык ибадатынын кандай ыкмада аткарыларын Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) көзү тирүүсүндө өзү өрнөк болуп бир бирден көрсөтүп өткөн соң: “Ажылык ибадаттарын менден үйрөнүп, мен сыяктуу аткаргыла” деп буюрган эле. Ошондуктан ажылыктын бардык сүннөттөрү да толук аткарылганы өтө маанилүү.

 

Ажылардын кийимдерин кайсы дизайнерлер тикти? 

Меккеге зыяратка бара турган кыргызстандыктарга кийимин тигүүгө сынак жарыяланып, тигүүчүлөр Чолпон Раманкулова жана Бактыбек Масыпказиевдер жеңүүчү болгон. Мында Раманкулова аялдардын, ал эми Масыпказиев эркектердин кийимин тигип беришти.

 

Кайсы фирма эмдөөдөн өткөрөт?

Бул жылкы ажыга баруучуларды “Фарватер” фирмасы эмдөөдөн өткөрүүгө сынактан утуп алды. Зыяратчылар менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтөт.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда ишке ашып жаткан “Ынтымакта” мультимедиалык редакция түзүү” долбоорунун алкагында даярдалды.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz