Ажылардын алгачкы тобу Бишкекке кайтып келди

Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн таңкы саат 5 те кайтып келди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ажылыктан келгендерди муфтият өкүлдөрү менен жакындары  “Манас” аэропортунан тосуп алышты. 

Сауд Аравиясынан жалпысынан 18 каттам келет, анын ар биринде 300дөн киши болмокчу.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык ажыларды Сауд аравиянын Flynas авиакомпаниясы ташыды.

Зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкектен , акыркы тобу 7-августта Ош — Жидда багыты боюнча учушкан.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген