Ажыга барчулардын алгачкы тобу 25-июлда учуп кетет

Кыргызстандык  ажылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Аравияга учушат. Бул тууралуу  муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Алгачкысы 25-июлда башталса акыркы топ  7-августта Ош-Жидда багыты боюнча Мекке шаарына жөнөп кетет.

“Ар бир учуучу топто 300 адам болуп, аларды  6 ажы башчылар  коштоп барат. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл”,- деп айтылат билдирүүдө.

Быйылкы жылы Бишкектен 6 , Ош шаарынан 12 каттам учат. Жалпы болуп Кыргызстандан ажылык сапарга 5400 жаран  аттанууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген