Ажо 60 жашта: Кимдер куттуктады?

Бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Президентти 60 жаш мааракеси менен көптөгөн мамлекеттердин өлкө башчылары куттукташты. Бул тууралуу президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин  Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

“Ушул жылдын июнь айында Кытайга биринчи мамлекеттик визитиңизди ийгиликтүү жасап, Циндао шаарында ШКУнун саммитине катыштыңыз. Маанилүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагы ачылды. Мен кыргыз-кытай мамилесин өнүктүрүүгө көп көңүл бөлөм жана биздин ортобуздагы орногон иштиктүү жагымдуу мамилени баалайм. Биздин өлкөлөргө жана элдерге бакубаттуулук алып келүү максатында кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилесин үзгүлтүксүз алдыга жылдыруу аркылуу жаңы баскычтарга көтөрүү үчүн сиз менен биргеликте күч-аракет жумшоого даяр экенимди билдирем», — деп белгиленет Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын куттуктоосунда.

Ал эми Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен өлкө башчы телефон аркылуу сүйлөштү.

«Сиздин саясат Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн, эл аралык аянтчада кадыр-баркынын бекемделишин камсыздайт. Саясий эрк жана практикалык кадамдардан улам, өзбек-кыргыз достук, жакшы коңшулаштык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери тез өнүгүп баратат. Акыркы жылдары орнотулган ачык жана конструктивдүү баарлашуу, бардык деңгээлдердеги байланыштардын активдешүүсү саясий жана маданий-гуманитардык тармактарда мамиленин кеңейишине, экономиканын ар кыл тармактарында кооперациянын күчөтүлүшүнө көмөктөшүүдө. Борбордук Азиянын аймагындагы коопсуздук жана туруктуулуктун, тынчтыктын кызыкчылыктарында биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын көп пландуу мамилелеринин мындан аркы бекемделишине ишенем», — деп белгиленген Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин:

Сиз мекендештериңиздин зор урматтоосуна ээсиз жана чет мамлекеттерде кадыр-баркыңыз жогору деп белгилеген.

“Мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди жылдырууда сиздин жеке салымыңыз абдан салмактуу. Эки тараптуу жана эл аралык күн тартиби боюнча конструктивдүү диалогубузду жана биргелешкен жемиштүү иштерди улантабыз деп ишенем».

Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев:

“Кесипкөйлүгүңүзгө жана турмуштук мол тажрыйбаңызга негизденген ишмердигиңиз мындан ары да Кыргыз Республикасынын ар тараптан гүлдөп-өнүгүшүнө, анын эл аралык деңгээлдеги аброюнун өсүшүнө жана элиңиздин асыл максат-тилектерине жетишине өбөлгө болушуна тилектешмин.

Орток руханий баалуулуктарга, сан кылымдардан берки салттуу достугубузга жана ынтымакташтыкка негизделген Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы карым-катнаштар биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн ургаалдуу өнүгө берет деп ишенем», — деп куттуктоо жиберген.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон:

“Сиздин активдүү турмуш жолуңуз, мамлекет башчынын кызматындагы бардык  демилгелериңиз жана жемиштүү ишмердигиңиз өлкөгө берилген уул катары жаныңызды карч уруп кызмат кылуунун чыныгы үлгүсү болуп саналат. Кыргызстан менен жакшы коңшулук мамилелерди бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатынын эң маанилүү багыты болгон жана ошол бойдон кала берет. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келген кыргыз-тажик достук жана өз ара кызматташууну туруктуу өнүгүү жолуна чыгарууга багытталган биздин туруктуу расмий жана жумушчу байланыштарыбыздын уланышына ишеним билдирем деп айтылган Тажикстандын президентинин куттуктоосунда.

Буга чейин президентти Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нуриджон Исмоилов менен Россиянын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко да куттуктаган.

Ошондой эле башка мамлекеттердин жетекчилери дагы өз куттуктоолорун жиберишүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген