Азербайжанда журналист мамлекеттик чыккынчылык кылуу айыбы менен кармалды

Азербайжанда журналист Полад Арсланов кармалды. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди.

Асланов –xeberman.com жана press-az.com маалымат сайттарынын түзүүчүсү жана башкы редактору. Тергөөчүлөр журналист чет өлкөдө жашыруун түрдө атайын кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп, аларга берген маалымат үчүн сый акы алып турганын ырасташууда. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдиришинче, Асланов чет өлкөлүк атайын кызматтын өкүлдөрү менен башка журналисттерди дагы тааныштырган.

Укук коргоочулар Азербайжанда журналисттер кысымга алынып келерин бир нече жолу айтышкан. “Чек арасыз кабарчылар” укук коргоо уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Азербайжан 180 өлкөнүн ичинен 166-орунда турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген