Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза”AstraZeneca” вакцинасын берет

Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алардын айтымында, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга болгон расмий сапарынын (2021-жылдын 1-3-июлу) учурунда жетишилген макулдашууларды иштеп чыгууда.

«Ошентип, COVID-19 таркатылышына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакциналары келет. Учурда тараптар вакцинаны сактоо үчүн бардык шарттарды жана талаптарды камсыз кылуу менен логистикалык маселелердин үстүнөн иштеп жатышат “, – деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасы коронавирус вакцинасын бергендиги үчүн Азербайжан Республикасына чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.

«Бул 20 миң кыргызстандыктын өмүрүн жана коопсуздугун коргойт. Кыргызстан менен Азербайжандын элдери кылымдарды карыткан достук салттарга жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге ишенимдүү болуп, азыркы кырдаалда бири-бири менен тилектештигин жана өз ара колдоосун көрсөтүшөт », – деп билдирди министрлик.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.