Азамат Жаманкулов талкаланып бара жаткан петроглифтерден кабар алды

Өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буга чейин массалык- маалымат каражаттарына чыккан Алай районундагы петроглифтеринин талкаланып жатышы боюнча жеринен кабар алды.

Деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан петроглифтердин абалын жеринен иликтөө ишине Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, археологдор жана атайын адистер тартылган.
Териштирүүдө аталган аймактагы петроглифтер Кара- Суу районунун Ак-Жылга жайлоосундагы “Загара”, “Калдырма” жергесиндеги “Кол” петроглифтери экендиги далилденди. Изилдөө учурунда бул аймакта бир канча мыйзамдуу жана мыйзамсыз көмүр кенин казган компания бар экендиги маалым болду.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз негизде көмүр кенин казуу иштери жүргүзүп жаткан башка компания эч кандай уруксатсыз “Көл” петроглифтери зыянга учуратып, жол куруу иштери жүргүзгөндүгүнө комиссия жеринен күбө болду. Жыйынтыгында, петроглифтерге кандай жана канча көлөмдө зыян алып келгендиги боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп, акты түзүлдү. Ошондой эле, зыян келтирген бардык тараптарды мыйзам чегинде жоопко тартууга керектүү документтер даярдалды. Мындан ары күнөөкөр тараптарды жоопкерчиликке тартуу үчүн жеринде даярдалган бул документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Мындан сырткары, иштин жүрүшүндө петроглифтердин бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү, мындан ары сактоону толук камсыз кылуу иш чаралары иштелип чыкты. Ал эми, министр Азамат Жаманкулов мындан ары мындай мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу максатында ар бир петроглиф жана эстеликтер эсепке алынып, ошол жайдын картасы жана коргоо зонасын аныктоо иштерин тез аранын ичинде иштеп чыгууну адистерге тапшырды.
Ошондой эле, министр Азамат Жаманкулов өз сөзүндө бир дагы маданият баалуулуктары мындай абалда болбошу үчүн болгон аракетибизди биргелешип жумшообуз керек деп билдирди. Кыргызстан боюнча жаңы табылган ар бир петроглиф жана эстелик ошол күндөн баштап маданий баалуулук катары эсептелинет. Андыктан, аны коргоо жана сактоо өлкөбүздөгү бардык жарандарыбыздан көз каранды деп кошумчалады.
“Кыргызстандын аймагынан жөнөкөй жаран болобу, кайсы бир ишкана же чет өлкөлүк жаран же турист болобу, тарыхый эстелик таап алса, аны өз алдынча талкалоого, бузууга, ал тургай ордунан жылдырууга болбой тургандыгын айтып, өлкө аймагынан табылган тарыхый эстеликтер ошол замат “кол тийбестикке” ээ болот”,- деп билдирди министр.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Ош облусунун Алай тоолорундагы Мурдаштын –Башы, Туура-Бел жана Көл тарыхый- маданий мурас эстеликтери көмүр кенин казуу учурунда талкаланып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.
Маданият министрлигинин ыкчам аракетинин аркасында бул иш- аракеттер өз убагында токтотулуп, тиешелүү бардык тараптарга мыйзам чегинде иш алып баруу керектиги тууралуу билдирүү жөнөткөн.
Өз кезегинде министрлик буга чийин массалык маалымат каражаттарына уникалдуу петроглифтер талкаланган фактысы тууралуу жеринен иликтөө ишин жүргүзө тургандыгын маалымдаган болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.