Азамат Жаманкулов: Быйыл Маданият министрлиги балдарды өнүктүрүүгө чоң күч жумшайт

Быйыл бир нече маданий обьектилер оңдоодон өтүп, өлкөнүн 50 китепканасы форматталып,  анда балдарды эрте өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Бул тууралуу кечээ, 24-февралда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өлкө башчысы менен жолугушуу учурунда билдирип, президенттен колдоо алды.

Жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков маданият тармагын колдоо, өлкөнүн маданий объектилерин оңдоп-түзөө жана санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты.

Маданият министри Азамат Жаманкулов 2019-жылы республика аймагындагы бир катар маданий объектилер капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнүн маалымдады.

Алардын ичинде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театры, Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры толугу менен оңдолуп-түзөлгөн.

“Учурда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында оңдоо иштери башталды. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт”,- деди Азамат Жамангулов.

Азамат Жаманкулов Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөрдүн театры менен Муса Жаңгазиев атындагы Куурчак театрында капиталдык оңдоо иштерин баштоо, Кычан Жакыпов атындагы паркты жакшыртуу пландаштырылганын билдирди.

Ошондой эле ал өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм искусство музейинин музей фондун санарипке өткөрүү боюнча иштер улантылаарын кошумчалады. 2019-жылы музейде 4 миңдей экспонат санарипке өткөрүлгөн.

Ушундай эле иштер Улуттук тарых музейи менен Михаил Фрунзе атындагы үй-музейде жүргүзүлмөкчү.

“Адамдын, коомдун жана жалпы эле өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүндө маданияттын өзгөчө орду бар. Маданий мурастарыбызды сактоо жана арттыруу зарыл болгондуктан,мындан ары дагы маданиятка мамлекет тарабынан тынымысыз көңүл бурулат”,- деди президент.

Ошону менен катар Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы эриш-аркак мамилелер жылынын алкагында бардык маданий иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген