Адис: аз кандуулук 5 жашка чейинки балдар арасында көп катталууда. Фото

Бей өкмөт уюмдардын изилдөөлөрүнө ылайык,  Кыргызстандагы 5 жашка чейинки жаш балдардын 900 миңи анемия менен жабыркайт. Бул көйгөй учурда актуалдуу бойдон калууда. Мындан улам, Ош шаардык №1 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенген тажрыйбалуу дарыгер Айсалкын Ражапованы кепке тартып, даттын келип чыгуу себептери жана алдын алуу туурасында маектештик.

-Аз кандуулукка кимдер чалдыгууда?

-Бүгүнкү күндө анемияга негизинен кош бойлуу аялдар жана 1 жаштан өткөн балдар чалдыгууда. Бул илдет наристелердин ден-соолугу үчүн өтө коопту. Анткени организмде кандын жетишсиздиги түрдүү ооруларга алып келүүсү мүмкүн. Биздин болочок энелер кош бойлуу мезгилинде жетирээрлик деңгээлде ден-соолугуна кам көрүшпөйт. Керектүү азыктарды жешпейт. Ошол себептен өзү да аз кандуулукка чалдыгышат жана төрөлгөн ымыркай да ушул диагноз менен жарык дүйнөгө келүүдө. Учурда Ош шаардык №1  дарыгерлер борборунда 150 жакын 5 жашка чейинки баланы каттоого алдык. Алар биз тараптан тынымсыз көзөмөлдөө болуп, керектүү дары-дармектерди берип жатабыз.

Анемия бөбөктөр үчүн канчалык деңгээлде коопту?

-Ата-энелер аз кандуулукка анчейин маани бере беришпейт. Эгерде өз убагында ооруну аныктап, дарылоо жүргүзбөсө бала итий  оорусуна чалдыгып калуусу мүмкүн.  Аз кандуулук менен күрөшүүдө ата-энелерден көп нерсе көз каранды. Анктени өз убагында, дарыларын берип, баланын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу керек.

-Аз кандуулуктун кандай белгилери бар?

-Анемиянын бир канча белгилери бар. Бала алсырап, өңү агыш тартып, тамакка болгон табити төмөндөп кетет. Бул белгилерди байкаган ар бир ата-эне сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүсү керек.

-Аз кандуулуктун келип чыгуу себеби эмнеде?

-Аз кандуулуктун келип чыгуусунун  эн негизги себеби – туура эмес тамактануу. Организм тамак аркылуу керектүү заттарды алат. Мындан улам, туура тамактануу менен көптөгөн оорулардын алдын алса болот. Аз кандуулук менен жабыркаган адам  курамы темирге бай азык түлүктөрду жеши керек. Мисалы эттин курамында темир эң көп өлчөмдө болот. Бирок жаш балдар этти жакшы жебегендиктен, аларга атайын темир менен байытылган сиропторду жазып беребиз.

 

-Алдын алуу учун эмне кылуу керек?

-Аз кандуулук менен күрөшүү мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатат. Атайын өкмөттүн токтомуна ылайык, биз 2 жашка чейинки ар бир балага милдеттүү түрдө кан көтөрүүчү сиропторду сунуштап жатабыз. Муну менен анемиянын алдын алууну көздөп жатабыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген