Аюу-Сайдын тургундары коопсуз аймакка көчүүдөн баш тартууда

Өзгөндүн Аюу-Сай айылынын тургундары жерин таштап, башка аймакка көчүүгө каршы болуп жатышат. Азыркы тапта үлүш жерлерине эгин эгишип, мобилдик үйлөрдө отурукташып калышкан. Алар өздөрүнүн жерлерин коопсуз экенин жүйөө келтиришип, ӨКМге кайрадан текшерүү жүргүзүп берүүсүн талап кылышууда. Өкмөт болсо айылдагы 101 үй жашаган аймакта кайрадан көчкү түшүү коркунучу болгондуктан, аларга Төрт-Күл участкасынан тилке бөлүп бере баштады.

 Аюусайлыктар эгиндерин эгип бүткөнүнө бир айдан ашты. Азыркы тапта жүгөрү менен буудайдын башы көрүнүп, дыйканчылык кызуу жүрүп жаткан чак. Муну негиз келтирген тургундар жаңы чекке көчүүдөн баш тартып жатышат.

“Бул айылдагылардын баары дыйканчылык менен жан багышат. Бир ай убакыттан кийин эгиндин алды  бышып калат. Эми биз мунун баарын калтырып, жаңы чекке барып кантип жашайбыз? Төрт-Күл аймагынан аймагына барып, там салып жайгашканга чейин дагы канча убакыт кетет? Ошондуктан биз Аюу-Сайдын кооптуулугун кайрадан текшерип берүүсүн суранып жатабыз”, – деди айылдын тургуну Максатбек Фазилов. 

Азыркы тапта Аюу-Сайдын тургундары көчүп баруучу Төрт-Көл участкасына электр жарыгын орнотуу жана таза суу тартуу иштери жүрүп жатат. Жашоого толук шарттар түзүлгөндө, тургундарды көчүрүү иштери башталат.

“Жаңы участкада ичүүчү суу тартууга атайын каражаттар бөлүндү. Суу чыгарылып, жол салынып, электр тартылып, зарыл шарттар түзүлөт. Бул жумуштар толук буткөндөн кийин тургундарды көчүрө баштайбыз”,- деди  Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Дилмухаммед Бокошов.

Бийлик тургундарга шарт жаратуу үчүн мындай аракеттерди көрүп жаткан менен жергиликтүүлөр оюнан кайтыша элек. Алар аймактын кооптуулугун кайрадан текшерип берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылышты. Бирок бийлик өкүлдөрү  көчүү зарыл экенин, аймак  кооптуу экени буга чейин эле аныкталганын белгилешти. Ошентсе да тургундардын кайрылуусу менен Аюу-Сай айылы кайрадан коопсуздукка текшерүүдөн өтө турган болду.

“ӨКМдин алдындагы мониторинг департаментинин адистери айылдын кооптуу экенин буга чейин эле аныкташкан. Текшерүүдө 101 үйдү кооптуу деп табышкан. Бул турак-жайлардагылар милдеттүү түрдө көчүрүлүшү керек. Бирок тургундар ата-бабабыздан калган жерди таштабайбыз, бул боюнча түшүнүк кат да жазып беребиз дегенге чейин барып жатышат. Мындай кылган туура эмес. Бул түшүндүрүү иштеринин толук жүрбөгөнүнөн болуп жатат. Эми Аюу-Сай айылынын кооптуулугу кайрадан текшерилет”, – деди ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов.

Жергиликтүүлөр буга чейин өз жеринде калуу боюнча тил кат жазышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо тургундардын арызын кабыл алган жок. Каршылыкка карабай, эл мажбурлап көчүрүлөт дешет.

Төрт-Көл участкасына Жалпак-Таштан 200, Аюу-Сайдан 101 үй бүлө көчүрүлөт.

29-апрель күнү Аюу-Сайда жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калып, 24 адам каза болгон. Жабыркагандар убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүп, чатырлар тигилген болчу. Алар эки айдан бери мобилдик үйлөрдө жашап жатышат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz