Психолог: Бул 9 сапат аялзатынын өзүнө болгон баасынын төмөн экендигинен кабар берет

Өзүн-өзү баалоо адамдардын өзүнө болгон баасы. Эгер сен өзүңдү кичинекей адам катары көрсөң, анда башкаларга баасы жок, бар же жогуң билинбеген эле бирөөсүң. Тескерисинче, сен өзүңдү маанилүү, орду бар, керектүү деп сезсең, анда айланаңдагыларга дагы дал ошондой кымбаттуу, урматтуу инсансың. “Баары адамдын өзүнүн колунда”,- дейт орусиялык психолог Александр Шахов. 

Өзүн-өзү баалоосу төмөн экендигинен кабар берген 9 сапат:

  • Эгер сени башкалар баалабайт экенин сезсең, анда бул сенин өзүңө берген бааңдын төмөн экендигин аныктоочу эң биринчи фактор. Бул деген сен керектүү чекти кое албаганың, “жок” деп айта албаганың, сени бирөөлөр колдонуп кеткенин, алдап кеткенин, пайдаланып кеткенин сезгениң, бирөөдөн бир нерсе сурай албаганың, сурана албаганың;
  • Өзүндү башка бирөө менен салыштырып көрүп, дайыма ал адамдан кем сезгениң. Ооба, адам өсүшү үчүн өзүн башкалар менен салыштыруу нормалдуу эле нерсе. Бирок салыштыргандан кийин өзүңдү аябай жаман сезгениң, эч ким эместей сезгениң өзүңө болгон бааңдын төмөндүгүнөн кабар берет;
  • Өзүңдөн өзүң шектенгениң, кандайдыр бир чечим кабыл алаарда өзүңө ишенбегениң –  бааңдын төмөндүгү;
  • Кыйынчылыктарды, жашооңдо болгон көйгөйлөрдү таштап сала албагандыгың, бир жума, бир ай, бир жыл мурунку окуяларды эстеп, ээрчитип          жүрө бергендигиң, “андай эмес, мындай кылсам болмок” деп өкүнгөнүң дагы өзүңдү төмөн баалаганың;
  • Сени дайыма күнөөлүү сезим кыйнайт. Сенден жардам сурагандарга “жок” деп коюп, кайра өзүңү күнөөлөгөнүң, бирөөгө бир нерсени бербей                  койгонуң, жардам берүүдөн баш тартып, бирок артынан бармагыңы тиштегениң – өзүңө берген төмөн бааң деп бил;
  • Өзүңдү өзүң аяп, “мен байкуш, кандай гана бактысызмын, бешенеме эшек тепкен жанмын да” дегениң дагы өзүңдү баалабаганың;
  • Өзүңдү жакшы эркекке турмушка чыгууга, жакшы кийим кийүүгө, престиждүү кызматта иштөөгө ж.б нерселерге татыксызмын деп эсептегениң          дагы өзүңдү төмөн баалаганың;
  • Эгер сен тарапка айтылган туура сынды кабыл ала албасаң, анда сени өзүңө берген бааң төмөн. (Бул жерде каршылаштар тарабынан айтылган            келжирек сын-пикирлер жөнүндө сөз болуп жаткан жок);
  • Өзүңдүн каалооңду, өзүңө эмне жагаарын, эмне кылгың келгенин билбесең, анда сенин бааң төмөн;

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген