Аялды түшүнүү үчүн эмне кылуу керек?

Адамдын  маданияттуулугун алардын башкаларга  болгон көз карашынан, мамилесинен да аныктоого болот. Ал эми тартынчаак, сезимтал, назиктик, боорукерлик, адалдык булардын баары аял затына тиешелүү болгон сапаттар. Албетте, мырзалар үчүн жашоодо аялдын мамилеси чоң жана маанилүү  ролду ойнойт. Дал ошол жашоого алып келген да – аял, тарбия берүүчүлөр да – аялдар, мектептеги мугалимдердин да көпчүлүгү – аял, коомдун да басымдуусу – аялдар.

Мырзалар айымдардын акылына, билимине карап сүйөт десек жаңылышабыз.Сулуулугуна, назиктигине карайт десекчи? Бирок аял болобу же мырзабы айтор алардын баары эле сүйүп, сүйүктүү болууну самашат. Аял затын сүйүүдөн мурда аны түшүнө билүү керек. Аны сыйлап, урматтаган адамга ал дайыма ишеничтүү дос болуп, сырларын сактай алат. Аялды түшүнүү үчүн эмне кылуу керек?

 

1. Калп айтпоого аракет жасаңыз. Аялдар алданганды жек көрүшөт.

2. Ага убакыт таба билиңиз. Аял дүйнөдөгү эң назик жан. Сыртынан күлгөнү менен ичтен сызып ыйлашы мүмкүн.

3. Эркелетиңиз. Анын жаш өзгөчөлүгүнө карабаңыз. Адам канчалык улгайбасын ал баары бир кимдир-бирөөнүн эркелетүүсүнө, жылуу сөзүнө муктаж болуп жашайт.

4. Анын жанында күчтүү болуңуз. Аны коргой алаарыңызды түшүнсүн.

5. Добушуңузду бийик көтөрбөңүз. Аял заты көңүлүнө тез алат. Түшүндүрүүгө аракет кылыңыз.

6. Сыйлоо менен сүйө билүүнү адаштырбаңыз.

7.  Анын ар бир айткан сөзүн кызыгуу менен угуңуз. Мына ошондо ал сизди  кунт коюп тыңдоого тырышат.

8. Аны менчиктедиңизби? Анда аярлаңыз.

9. Анын пикирин да эске алыңыз. Керектүү жерде анын айтканына макул болуп коё бериңиз. Бирок өзүңүздүн позицияңызды да четте калтырбаңыз.

10. Эң негизгиси чын жүрөктөн сүйүңүз.

Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш!

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz