«Аялдарга добушуңду бер». Бул демилге кандай иш алып барат?

«Аялдарга добушунду бер» бул – аялдардын лидерлик жөндөмдөрүн, социалдык тармактарды колдонуу боюнча билим деңгээлин, ошондой эле гендердик теңчилик, аялдардын укуктары жана саясий процесстерге катышуу жаатындагы билимдерин өркүндөтүү долбоору.

Долбоорду «ДИА» (Демилгелүү ишкер аялдар) коомдук фонду ишке ашырат жана «Улуттук демократия институту» тарабынан каржыланды. Макаладагы материалдар “Ынтымак” КРТРКсынын көз карашын чагылдырбайт.

Долбоордун максаты: Чоң масштабдуу санарип кампаниясынын жардамы менен аялдарга диспропорциялуу таасир тийгизип жаткан көйгөйлөр жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аял талапкерлерге жарандардын жана чечим кабыл алуучулардын колдоосун жогорулатуу.

Долбоорго өлкөнүн 7 облусунан жана Ош шаарынан “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү катышты. Региондордо 22 лидер аял түйүндүн мүчөлөрүн жетектеп, 198 активист аял санарип кампанияга катышып, 600 активист аял үгүттөө веб-семинарларына тартылышты.

Долбоордун алкагында, активисттердин санарип кампанияны өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана аялдардын саясатка катышуусун позитивдүү кабыл алган жарандардын үлүшүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар уюштурулду.

“ДИА” коомдук фондунун сайты, Facebook, Instagram баракчалары жана 22 лидер аялдын Facebook жана Instagram баракчалары дайыма жаңыланып,  түрдүү материалдарды камтып, жарандарга аялдардын саясатка катышуусунун маанилүү экендиги жарыяланып турду. 22 лидер аялдын санариптик кампания жүргүзүү боюнча билимдерин тереңдетүү максатында SSM жана сторителлинг боюнча 20 вебинар өткөрүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында жергиликтүү жана шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоого “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн ичинен 328 аялталапкерлигин көрсөтүп, анын ичинен 201 аял депутат болуп шайланды.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.