Аялдардын депутат болуусу эмне үчүн маанилүү?

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 90 талапкер депутат болуп келет. Алардын 54ү партиялык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу округдардан шайланды.

Партиялар аркылуу шайланып келген аял депутаттардын саны 19. Ал эми бир мандаттуу округдардан бир да аял утуп чыккан жок.  

Эсептик көрсөткүчтү чыгара турган болсок, 19 аял депутат партиялардын ичинен 36 пайызды түзөт. Жалпы 90 депутаттын ичинен алганда аялдар 21 гана пайызды түздү. Кыргызстандын тарыхында аялдар парламентте 30 пайызга жеткен эмес. Маселен, 2005-жылы Жогорку Кеңешке жалаң мырзалар депутат болуп шайланган.

Ал эми жергиликтүү кеңештерде 2004-жылы  аял депуттар 19 пайызды түзгөн. 2008-жылы 17, 2012- жылы 13 жана 2016-жылы 10 пайызга гана жеткен. Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоодо гана гендердик квота сакталып, депутат болуп шайланган аялдардын саны 38 пайызды түздү.

Саясатта гендердик тең салмактуулукту сактоо, аялдардын депутат болуусуна жол ачуу максатында 2019-жылы 30 пайыздык квота мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, парламентте, жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 30 пайыздан кем эмес болушу керек. Бирок, коомдо калыптанып калган түрдүү стреотиптерден улам аялдарды колдоо төмөн бойдон калууда.

Аялдарды саясатта эмне үчүн колдошпойт?

Ош шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, активист Гүлсана Эсенбаеванын айтымында, калк арасында аял кишинин саясатка аралашуусу зарыл эмес, үйдө балдарды карап отуруш керек деген түшүнүктөр бар. Ал эми өнүккөн өлкөлөр тескерисинче, аялдардын парламентке келишин колдойт. Ошондуктан Кыргызстанда да чечим чыгаруучу органдарга аялдардын баруусуна жол ачуу керек.

“Аялдар саясатка келгенге чейин эле өзүнүн лидер, иш билги жөндөмдөрүн көрсөтө билиши зарыл. Өз тармагында ийгилик жаратып, алдыга жылган аял коомчулукка таанылат. Мындан тышкары, өз үй-бүлөсүнүн алдында дагы акылман, аракетчилдигин көрсөтө алса, алгач жакындары, кийин бүт эл колдоого алат”, – деди Гүлсана Эсенбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев аялдардын парламентте болушу өтө маанилүү деп эсептейт. Себеби алар мырзаларга караганда социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бурушат. Басымдуусу билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында эмгектенгендиктен бул жаатта кандай көйгөйлөр бар экенин жакшы билишет. Мындай маселелерди жөнгө салууга аялдардын пикири, салымы болушу зарыл.

“Эгер эркек билимдүү болсо – бир адам билимдүү, эгер аял билимдүү болсо –ошол үй-бүлө билимдүү болот. Аялдардын билим, тажрыйбаларын жайылтып, өлкөнүн өнүгүүсүнө да жумшоо маанилүү. Алсак, VI чакырылыштын аял депутаттары менен биргеликте балдар маселеси, кыз-келиндердин укуктары, билим берүү системасы сыяктуу маселелерди көтөрүп, алгылыктуу мыйзамдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк болду”, – деди Нурбаев.

Аялдар парламентте 30 пайыздан кем эмес болсо, өлкө өнүгөт

Бириккен улуттар уюмунун изилдөөсүнө ылайык, курамында 30 пайыздан кем эмес аял депутаттар бар парламент аялдардын, балдардын көйгөлөрүнө көңүл бурат жана чечет.

Ал эми дүйнөлүк практикада адамдардын жеке муктаждыгын чечүүнү аялдар эске алат деп айтылат. Кайсыл өлкөдө биринчи жеке адамдын муктаждыгы чечилбесе ошол өлкө өнүгүүдөн артта калат.

“БУУ-аялдар” түзүмүнүн эксперти Гульжамал Султаналиеванын билдиришинче, эркектер көбүнчө каражат, жер бөлүштүрүү, экономиканы көтөрүү сыяктуу маселелер менен алек болушат. Ал эми адамдын биринчи муктаждыгына көп көңүл бурушпайт. Ошондуктан тең укуктуулук маселесин эске алып, аялдарды чечим кабыл алуучу органдарга тартуу менен социалдык багытты жакшыртуу керек.

“Кыргызстанда жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн басымдуусунда социалдык маселелердин көбү чечилбей келет. Маселен, балага кандай мамиле жасоо керек, үй-бүлөнү багуу үчүн канча каражат кетет деген жагдайларга эркектер көп маани беришпейт. Аялдар болсо башкача көз караш менен мамиле жасап, адамдардын жеке муктаждыгын чече билет”.

Аялдар саясатта ордун табуу үчүн окуп жатышат

Саясатка аттануу ниети бар аялдарды окутуу улантылууда. Боршайком менен Кыргызстандагы БУУнун аялдар уюму Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгы жана алдыда өтө турчу шайлоолорго карата масстер-класстарды  уюштуруп жатат. Буга чейин Бишкек жана Ош шаарларында жолугушуулар өттү. Анда кандидат катары катталып, бирок, мандат албай калган аялдардын эмнеден кемчилик кетиришкени, жеңишти камсыздагдандардын артыкчылыктуу кадамдарына анализ жүргүзүлдү.

Ош шаарында уюштурулган иш-чаранын катышуучусу Химия Суеркулованын айтымында, утулуп калган аялдардын саясатка болгон ишеничин жокко чыгарбоо жана активдүүлүгүн кармап калууга басым жасалууда. Мындан тышкары, эл менен иштөөнүн жол-жоболору, лидерликти калыптандыруу боюнча тажрыйба алмашуулар болду.

Эки шаарда өткөрүлгөн окутуунун жыйынтыгында аялдар саясатта бири-бирин колдоп, алдыга умтулуу керек деген тыянакка келишти.

Эл көйгөйүн чече билген аял депутат

Ушул жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерде өткөрүлгөн шайлоодо Лола Нишанова Нариман айылдык кеңешине депутат болуп шайланган. Ошондон тарта каарманыбыз айыл өкмөттөгү элдер менен жолугушууларды уюштуруп, аларда кандай көйгөйлөр бар экенин укту. Анын негизинде үй-бүлөлөрдө башкаларга ачыкталбаган зордук-зомбулук, кыздарды эрте турмушка берүү маселелери орчундуу болуп жаткандыгын аныктаган. Натыйжада зомбулукка дуушар болгондорго псхиологдун жардамын уюштуруп, аймактык милиция менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Лола Нишанова мындан тышкары эл аралык уюмдардын колдоосу менен түрдүү долбоорлорду аткарат. Анын негизинде аз камсыз болгон жарандарга өнөр үйрөтүлүп, кичи ишкерлик баштоого колдоо көрсөтүлдү.

“Эрте турмушка чыгуунун кесепеттери көп болот да. Мунун айынан ажырашуу фактылары катталат. Ошондуктан ай сайын жарандар менен чогулуштарды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жыйынтыгында эрте турмушка чыгуу учурлары 90 пайызга чейин азайды”.

Лола Нишанова – Нариман айылдык кеңешинин депутаты

Дүйнөлүк практиканы карай турган болсок, 50 пайыздан көп орунду аял депутаттар ээлеген парламенттер бар. 2020-жылдагы статистика боюнча Боливия мамлекетинин 130 депутаттын 53,1 пайызын аял депутаттар түзгөн. Ал эми Португалия, Испания, Бельгия сыяктуу мамлекттерде аялдардын квотасы 40 пайыздан ашат.

Дүйнөлүк рейтингде кыргыз парламенти аялдардын тең салмактуулугун сактоо жаатында төмөнкү орундарда калып келүүдө.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.