Аялдарды колдоо долбоору аркылуу 2 500 аял жумуш менен камсыз болушту

Кыргызстанда 72миңден ашуун жумушсуз аялдар бар. Алардын басымдуу бөлүгүн элеттик аялдар түзөт. Бул көрсөткүчтү азайтуу максатында акыркы 3 жылдан бери беш облуста аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү программасы иштеп жатат. Долбоор аркылуу элеттеги аялдарга кесипке багыт берүү боюнча  сабактар өтүлүп, жаңы иш баштагандарга каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Үч жыл мурун башталган программа өлкөнүн беш облусунда иштеп жатат. Адистер айыл аймактагы аялдарга өнөр үйрөнүүгө багыт беришип, жаңы ишкерлик баштагандарга акчалай жардам берип келе жатышат. Долбоордун негизинде үч жыл ичинде 2 731 аял жумушка орношту.

“Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын кеңейтүү” долбоорунун өкүлү Асыл Жакиеванын айтымында, келишимге ылайык жаңы жумуш баштаган 2 700дөн ашык аялга эл аралык долбоорлор аркылуу 2 500 доллар берилди. Алар бүгүнкү күндө өз ишмердүүлүктөрүн улантып жатышат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын белгилешинче, элет жериндеги аялдардын өнөрлөрү болсо дагы колдоно алышпайт. Долбоор жумушсуз аялдарды иш менен камсыз кылып, экономиканы жогорулатууга максатталган.

Программанын адистеринин маалыматында, долбоордун алгачкы жыйынтыктары натыйжалуу болуп жатат. Анткени жумуш менен камсыздалган аялдар лидерлик потенциялдарын жогорулатып, үй-бүлөлүк кирешени  арттырууда.

“Биздин программа аркылуу Кара-Суу районунда 34 аял жумуш менен камсыздалды. Алардын онго жакыны дыйканчылыкты өнүктүрүүнүн жолдору менен иштеп жатышса, калганы кыз келиндерге сеп даярдоону колго алышты. Тапкан киреше үйдөгү күнүмдүк керектөөнү жаба алат”,-деди “Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын кеңейтүү” долбоорунун өкүлү Асыл Жакиева.

Бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер  Социалдык өнүктүрүү министрлиги Ош шаарында уюштурган конференцияда талкууланып, активдүү айымдарга төш белги, грамоталар ыйгарылды.

Эске салсак, элеттик аялдарга ишкерлик баштоого жол көрсөткөн бул программа ушул жылдын октябрь айында жыйынтыкталат. Андан ары аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга Социалдык өнүгүү министрлиги өз алдынча план иштеп чыгат. Бирок азырынча кандай иш мерчемдер аткарылаары аныктала элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген