Автоунааны тартылуу күчү менен жылдырган “магнит баатыр”

Жунусали Сайдинов магнит талаасы аркылуу автоунааларды ары-бери жылдырып, буюм-тайымдарды денесине жармаштырып көтөрө алат. Өзүн “магнит баатыр” атаган талант Гиннестин рекорддор китебине кирип, чет элдик шоуларга катышууну көздөөдө.

Жунусали Сайдинов – Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарынын тургуну. Өзүндөгү өзгөчө касиетти ал мектепте окуп жүргөндө эле байкаган. Тартылуу күчү менен оор жүктү ары бери жылдыруу же буюмдарды денесине жабыштырып көтөрүү ар адамдын колунан келчү иш эмес экенин түшүнгөндөн кийин ар кандай теледолбоорлорго катыша баштады.

“Бул касиет жети атамдын биринде болгон экен. Чоң энемдин айтуусунда, 1850-жылдары жашаган чоң атабыз касиет менен адамдарды дарылачу экен”, – дейт “магнит баатыр”.

Жунусали Сайдинов азыр бир эле учурда 20-30 даана бычак-кашыкты бир учурда магниттей тартып көтөрө алат. Үч тоннага чейин автоунааны да ушул күчү менен жылдырат. Эми ал жаңы трюктарды ойлоп таап, эл аралык шоуларга катышууну, Гиннестин рекорддор китебине катталууну көздөп жатат.

Текст: Кабылбек Көчкөнбай уулу

Видео: Шайыр Зайырбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген