Автоунааны кайра каттоо – каттоо нускамалары

Кыргызстанда 1-июндан баштап автоунааны кайра каттоо боюнча улуттук кампания башталат. Мамлекеттик каттоо кызматы менчик ээлери үчүн кадамдык нускамаларды жарыялады.

Эскерте кетсек, акциянын алкагында автоунаанын орточо базар баасынан 0,3 пайыз өлчөмүндө акы алынбайт. Кайра каттоонун баасы 1360 сомду, мамлекеттик номурду алмаштырбастан 460 сомду түзөт.

Унааны кайра каттоодон өткөрүү боюнча кадамдык нускамалар:

КАДАМ 1. Унаа текшерүүдөн өтүшү зарыл, кезекти эске албаганда, ага 5-10 мүнөт талап кылынат. “Текшерүү күбөлүгү” көчүрмөсүн алуу керек.

Мамлекеттик номер алмаштырылган учурда, аны автоунаадан чыгарып, өзүңүз менен кошо алып келишиңиз керек. Кайра каттоодо регион өзгөртүлбөсө, автотранспорттун мамлекеттик каттоо белгисин алмаштырбай койсо болот деп белгилейт мамкаттоо.

КАДАМ 2. Күтүү бөлмөсүнө барып, маалымат бөлмөсүнө (кабылдамага) кайрылыңыз. Кызматкер сизге электрондук кезек билетин берет, кезегиңиз келгенде кызмат менен пайдалана аласыз.

Кабылдамада “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун бар-жогун текшере аласыз. Эгер төлөнбөгөн айып пулдар аныкталса, анда аларды банктын кассаларында же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөгө туура келет. Болбосо, автоунааларды каттоо тутуму кайрадан каттоонун мындан аркы аракеттерин чектейт.

Унааны кайра каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтер:

  • ID-паспорт (сатуучу жана сатып алуучу)
  • ээликтен ажыратуу укугу менен ишеним кат (эгер бар болсо)
  • транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгү
  • текшерүү отчету (1-кадамды караңыз)
  • мамлекеттик номер (алмаштырылган учурда)
  • Унаа үчүн салык төлөмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (автоунааны каттоодон өткөрүп жаткан учурда кыймылдуу мүлккө салык төлөөгө болот)

КАДАМ 3. Унааны каттоодо негизги документ – бул сиз унаанын жаңы ээси экениңизди тастыктаган сатуу келишими. Аны каттоодо “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкери түзөт. Сатып алуучу келишимде жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерип, керектүү жерлерге кол коюп, документтердин толугу менен адиске тапшырышы керек.

КАДАМ 4. Аягында күтүү залында жайгашкан банктын кассаларында арызда көрсөтүлгөн сумманы төлөйсүз. Убактылуу күтүүдөн кийин чекти төлөөчү адиске берип, өзүңүздүн атыңызга жана мамлекеттик номерге автоунаанын катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү алыңыз.

Маанилүү! Мамкатоо, унааны каттоо жана айдоочулук күбөлүктү берүү боюнча бардык операциялар автоматташтырылган жана мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган. Сиздин өтүнүчүңүздү белгилүү бир акыга тез арада чечүү үчүн ортомчулардын сунуштарынан баш тартууну өтүнөт.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.