Автоунаалардын дөнгөлөктөрү кышкы болбосо акчалай айып салынат

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы автоунааларды текшерүүгө алууда. Мында унаасынын дөнгөлөгүн кышкысына алмаштыруу боюнча айдоочуларга эскертүү берилип жатат.

Эрежеге ылайык эл ташыган автотранспорттордун дөнгөлөгүндөгү быдырларынын бийиктиги 2 миллиметрден, жүк ташуучу унаалардыкы 1.6 миллиметрден кем болбошу керек.

Эгерде ушул талаптар аткарылбаса Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 223-беренесинин негизинде “500”сом өлчөмүндөгү айып пул салынат. Мындан сырткары кетирилген кемчилик жоюлганга чейин автоунааны башкарууга мүмкүн эмес.

Жол коопсуздук кызматкерлери мындай рейдди август айынан эле башталганын билдирди. Эми жаз мезгилине чейин уланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген