Австралиялык дарыгер эмне үчүн кыргыз айылынан үй сатып алды?

Неонатолог-дарыгер Ник Вулфилд  Австралиядан Кыргызстанга 2013-жылы келген. Ал кезде 58 жашта эле, педиатрия жаатында 30 жылдык тажрыйбасы бар. Ник жергиликтүү медицина кызматкерлерине сабак өткөнү бир нече айга келген. Анан ал капыстан эле республиканын балдар санаториясына барып калды. Ошондон бери дарыгер аялы Фей менен бирге Ысык-Көлдө жашашат. Шал оорусу менен жабыркаган кичинекей бейтаптарды реабилитациялоо боюнча улам жаңы ыкмалардын үстүндө иштешет. Жакында эле алар бул жактан үй сатып алып, жашылча-жемиш эгип, тоок бага башташты.

 Австралиялык дарыгер Кыргызстанда эмне үчүн калып кетти жана ал кандай жыйынтыктарга жетишкенин “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” сурап көрдү.

Ник Вулфлид Кыргызстанга ыктыярчы катары Илимий-техникалык жана тил институтуна келген.

– Бул өнүгүү жана гуманитардык ишмердүүлүк жаатындагы  коммерциялык эмес эл аралык уюм, 1989-жылы Калифорнияда түзүлгөн. Башында анын негизги милдети үй-бүлөлүк медицина  тармагына жардам берүү болчу. Анан мени Кыргызстанга неонаталдык педиатр катары чакырышкан. Бирок андан бери STLIдин аткарган иштери бир топ эле кеңейди. Менин да кызматым бир аз өзгөрдү. Өлкөгө келип, неонаталдык камкордуктан алыс болуп кеттим, -дейт дарыгер.

Баарын бир окуя өзгөрттү. Ник Вулфилдди  Ысык-Көлдүн Ак-Суу санаторийине кичинекей бейтаптарга кеп-кеңеш берүүгө чакырышат. Бул жай совет доорунан бери иштейт. Өткөн кылымдын аягында аны жаңылап, орундардын санын арттырышкан. Санаторийде нерв оорулары, шал менен жабыркаган балдар реабилитациядан өтүшөт.

– Бул чынында эле уникалдуу жай. Санаторий экологиялык таза аймакта – тоодо жайгашкан. Мындан сырткары бир нече дарылык касиети бар ысык булактар бар. Эң башкысы – санаторийге шал дартын аныктап, бейтаптарга жардам бере ала турган кесипкөй адистер чогулган, – дейт Вулфилд.

Вулфилд Ак-Суудагы кичинекей бейтаптар менен таанышкан соң санаторийге жардам берүүнү чечет.

– Кыргызстанда шал оорусуна кабылгандардын саны өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу үч-төрт эсе көп. Мен бул жакта бир эле айда Австралиядагы бүт 30 жылдык тажрыйбама караганда көбүрөөк оорулууларды көрөм, – дейт Вулфилд.

 

Рахмат, дарыгер!

Ак-Суу Ысык-Көл облустук ооруканасынын бөлүмү, бирок бүт өлкөдөн бейтаптарды кабыл алат. Балдар адатта жылына эки жолудан ата-энелери менен чогуу эки аптага келишет.

Бейтаптардын катарында шал менен жабыркаган жети жашар Аршат да бар. Апасы Тахмина Асанова Ак-Суудагы дарылануу баланын көз карандысыз болуп чоңоюшуна кантип жардам берсе болорун көрсөттү дейт.

– Ник Вулфилд –  Кудай жараткан ак жүрөк дарыгер. Ал көптөгөн балдардын жашоосун байкаларлык өзгөрттү. Мисалы, шал менен жабыркаган дүлөй бала шахмат боюнча мелдешти утту, анткени анын ата-энеси бала менен кантип алектениш керектигин түшүнүштү.

– Неберем шалдын оор түрү менен жабыркайт, – дейт Гүлмира эже. – Вулфилддин дарылоосунан кийин Алихан өз алдынча отуруп калды.  Азыр дарыгер неберемдин мүмкүнчүлүктөрүн өзүм кантип жакшыртсам болорун мага үйрөтүп жатат.

– Жыл сайын санаторийге эки апталык дарылоого 2 миңдей бала келет. Негизинен укалоо жана суу терапиясы жасалат. Айрым балдардын окуясы кайталангыс. Мисалы, угуусу начар шал оорулуу бала бийлегенди аябай жактырат. Ал реп-бийинин өз версиясын ойлоп тапты, анткени оорунун айынан кыймыл-аракети ыраттуу эмес, – деп белгиледи Ник Вулфилд.

Дарыгер Вулфилддин долбоорлору

Ак-Сууга келген соң дарыгер эң биринчи кезекте абалды анализдеп чыкты. Кыргызстанда бала же майып, же майып эмес деп гана бөлүнөөрүн түшүндү. Вулфилд кыймылга жараша майыптыкты классификациялоонун эл аралык ыкмасын тааныштырды. Чогултулган маалыматтар катуу оорулуу балдардын көбүнүн баш мээси жабыркаганын көрсөттү.

– Мындан сырткары шал оорулуу балдардын жарымынан көбү кадимки мектепте окуса болмок. Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүктөр жок. баланы майып катары аныкташканда мектептер аны кабыл алгысы келишпейт. Мындай балдарды кадимки курдаштары менен чогуу жакшы окуй алышын моюнга албоо көйгөйү да бар, -дейт Ник Вулфилд.

Эң эле кайгылуусу мындай балдарды көп учурда ата-энелери интернаттарга, балдар үйлөрүнө тапшырып салышат, анткени майыптыктан уялышат. Так ошол ата-энелер шал оорулуу балдардын келечегине балта чаап коюшат. Басымдуу эл баланын оорусуна апасын айыпташат; анан дагы көпчүлүгү күйөөлөрү менен ажырашып кетишет.

-Ак-Суудагы кесиптештерим менен чогуу  ЮНИСЕФ, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өнөктөштүгү менен биз улам жаңы ыкмаларды киргизип, таң каларлык өсүшкө жеттик. ЮНИСЕФ  менен бирге мен өмүрдү педиатриялык колдоо жаатында окуу баштадым. Курстан 24 дарыгер өткөн, алардын тогузу өздөрү устат болуп дагы 150 адисти даярдашты.

Мындан сырткары Вулфилд санаторий интернети жок аймакта жайгашканына карабай телемедицинаны киргизди. Бул үчүн Австралия өкмөтүнүн каржылоосу менен 10 чакырым аралыктагы эң жакынкы айылдан интернет зымы тартылган. Санаторийдин өзүндө телемедицина үчүн жабдылган бөлмө бар.

-Мен реабилитацияга катышкан ар бир дарыгерге апта сайын өтчү веб-тренингдерди киргизгим келет. Билим  алууну улантуу жумуштун бир бөлүгү катары каралышы керек, – дейт Вулфилд. Ал Австралияда иштеп жүргөндө аптасына 4-5 жолу сабак өтчү.

Вулфилддин азыр ишке ашып жаткан долбоорлорунун бири – австралиялык моделге негиздилген шал оорусунун ар бир учуру тууралуу улуттук база түзүү. Бул ымыйркайдын ушул дартка кабылышынын кантип алдын алса болот деген маалыматты чогултууга жардам берет.

Эмне үчүн шал оорулуу балдар төрөлөт?

Майып балдарды реабилитациялоо – Вулфилддин Ак-Суудагы жумушунун негизги багыты. Дагы бир максатым – майып балдардын саны азайса дейт. Бул узакка созулчу процесс.

-Мен чогулткан маалыматтар Кыргызстанда шал оорусунун эң оор түрлөрү сары кеселинин кесепетинен, айрымдары эне менен баланын резусунун дал келбестигинен болгонун көрсөттү. Мунун алдын алыш үчүн анча деле көп акча керек эмес.

Ал ошондой эле шал оорунун жарымы же андан көбү эненин кош бойлуу кезинде зомбулукка кабылышынан дейт.

-Биз бул маселе боюнча так маалыматтарды чогултуп, зомбулук мнеен майыптуулук кандай байланышта экенин аныктагыбыз келет, – дейт Вулфилд.

Санаторийдеги ийгиликтер ЮНИСЕФтин колдоосунда болгонун айтат дарыгер.

–  Биз жасаган иштердин көбү ЮНИСЕФтин саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Чолпон Иманалиева менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жасалды. Бул аябай жемиштүү кызматташуу, – дейт Вулфилд.

Австралиядан келген кыргыз дарыгери

-Жакынкы жылдары менин Австралияга кайтуу ниетим жок. Үйгө кетээрден мурда биз баштаган ишти улантып кетчүлөр табылса дейм. Албетте, биз Австралияны, балдарыбызды, неберелерибизди сагынабыз. Бирок заманбап байланыш каражаттары алар менен тынбай сүйлөшүп турууга мүмкүнчүлүк берет.

– Мындан сырткары бизге Кыргызстанда жашаган жагат. Бул аябай кооз өлкө, биздин санаторий жайгашкан Каракол – суктанарлык жер. Жаныбызда тоо, токой, көл бар. Жакында эле ушул жактан үй сатып алдык. Кошуналар менен тааныштык, алар меймандос, бизге чарба жүргүзүүгө жардам беришет. Кыргызстанда жашаган жылдары биз эч кандай көйгөйгө кабылган жокпуз. Тескерисинче, жумушта болобу же күнүмдүк турмушта бет келген адамдар бизге ар тараптан көмөк көрсөткөнгө аракет кылышты. Ошон үчүн өзүбүздү жат сезбейбиз, керек адам экенибизди түшүнөбүз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген