Авиакырсыктан жабыркагандардын эсебине акча которулду

Авиакырсыктан  жабыркагандардын жана каза болгондордун туугандарынын банктык эсебине Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин атайын эсебине түшкөн каражат которулду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлап, бирок ар бир кожолукка канча сомдон бөлүнгөнүн ачыктаган жок.

ӨКМдин  жабаркагандарга жардам берүү максатында ачылган атайын эсебине калк тарабынан 100 млн 499 миң 300 сом чогулган.

“Жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, аларга бөлүнгөн финансылык каражат, алардын талаптары боюнча ар кандай чыгымдарына төлөнүү үчүн, ар биринин жеке банктык эсебине которулду” , – деп айтылат маалыматта.

Үй сатып алуу үчүн бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу, ар кандай механизмдерге жол бербөө үчүн башкаруу мамлекеттик комиссиясы көзөмөлдөп турат.

“Турак-жай сатып алууга каражат берилгендигине байланыштуу, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүн мамлекет тарабынан каражат төлөп убактылуу жайгаштыруунун зарылдыгы жок. Буга байланыштуу алар менен макулдашылып,  алар жашаган убактылуу турак-жайлар бошотулат”, – деп жазды Өкмөттүн маалымат кызматы.

Мындан сырткары “ACT Airlines” түрк авиакомпаниясы тарабынан акчалай компенсация күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда Дача-СУ айылында  “Боинг-747” учагы кырсыктаган. Авиакырсык 39 адамдын өмүрүн алып, 50дөй үй жабыркаган.

 

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz