Авиабилеттердин баасы аба ырайына жараша арзандап турат

Өкмөт менен түзүлгөн келишимдер боюнча, “AirManas”, “Avia Traffic Company” жана “TezJet” авиакомпаниялары “Бишкек-Ош-Бишкек” багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.

ӨКМ тарабынан аба-ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, “Бишкек-Ош-Бишкек” каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана “Бишкек-Ош” унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет.

Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынып салынган соң, авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык сатылат.

Белгилесек, 11-январда премьер-министр Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген