Август айында кыргызстандыктар төрт күн дем алышат

Ушул айдын аягында кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан даярдалган 2021 -жылдагы майрам календарына ылайык, жарандар төрт күн катары менен эс алышат.

31 -август – республиканын Эгемендүүлүк күнү. Бул күн календарда быйыл шейшемби күнүнө туш болду. Кыргызстандыктарга ыңгайлуу болушу үчүн 30-август, дүйшөмбү дем алыш күн деп жарыяланды.

Эске салсак, буга чейин, кыргызстандыктар 10-май күнү иштешкен. Ошентип, жарандар төрт күн катары менен эс алышат – 28 -августтан 31 -августка чейин.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.