“Атлетико” Европа лигасын жеңип алды

“Алетико-Мадрид” финалдык беттеште Франциянын “Марселин” 3-0 эсебинде утуп алды. Бул футбол күйөрмандары үчүн күтүлгөн эле жыйынтык болчу, бирок франциялыктар татыктуу оюн көрсөтө алды.

Эки команданын оюну Лион шаарындагы  “Стад-де-Лион” стадионунда өткөрүлдү.  Алгач талаа ээлери беттешти активдүү баштап, “Атлетико” дарбазасында бир нече кооптуу учурду жасаганы менен гол жаралбады.

Ал эми 21-мүнөттө “Марсель” коргоочуларынын катасынан пайдаланып, Антуан Гризман эсепти ачты. Ошентип, биринчи бөлүм 1-0 эсебинде “Атлетико” пайдасына аяктады.

Экинчи тайм башында ошол эле Антуан Гризман “Марсель” дарбазасына 2-тобун жолдоп, дубль жаратты. “Атлетико”  капитаны Габи беттеш аяктарда  3-голду киргизгенге жетишти.

Ошентип, ” Атлетико Мадрид”  Европа кубогун үчүнчү  жолу колго киргизди. Клуб Европа лигасында 2010- жана 2012-жылдары жеңишке жеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген