Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы суракка чакырылды

Алмазбек Атамбаевди мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеев аскердик прокуратурага суракка чакырылды. Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын карап, башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу чечимин чыгарды. Мындай маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook тармагындагы баракчасына жазды. 

Ал эми Башкы прокуратура Мусакеев Кылмыш кодексинин 320-беренеси боюнча (Кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген) шектелип, кабарлама тапшырылгандыгын билдиришти.

КСДП өкүлү эч кандай батир менчиктелбегендигин айтып, Мусакеевге коюлган доо юридикалык жактан келечеги жок деген маанайда жазган.

Фото: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген