

Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында жашап өткөн балбан Төрөбек Абакиров 1910-жылы туулган. Анын бою 2 метр 40 сантиметр, салмагы 130 кг болгон. Балбан Кыргызстандын атын Орто Азиянын 4 өлкөсүнө таанытып, өлкө желегин желбиреткен.
Төрөбек Абакиров 1986-жылы оорудан улам каза болгон. 1990-жылы 80 жылдыгы белгиленген болсо, андан бери дээрлик унутта калып кеткен. Кара-Кулжа районундагы “Жаштык” стадионуна 1991-жылы балбандын ысымы ыйгарылган. 2020-жылы балбандын 110 жылдык маарекеси белгиленүү алдында турат.
- 03.12.2019