Ата мекендик “Көл” тасмасы эл аралык фестивалда көрсөтүлөт

Тасманын режиссёру - Эмил Атагелдиев

“Көл” кинотасмасы Британиянын көзкарандысыз кинофестивалы – 2021дин расмий сынак программасына тандалып алынганын кинематографияны өнүктүрүү фондунун сайты билдирди.


Британиянын көзкарандысыз кинофестивалы – бул Британиянын талантын көздөп, дүйнө жүзү боюнча көз карандысыз тасмаларды көрсөтүү максатында уюштурулган иш-чара.


“Көл” көркөм тасмасы режиссёрдун дебюттук иши. Окуя ыйык көлдө балык түрүндө жашаган ата-бабалардын рухтары жөнүндө байыркы кыргыз уламышынын негизинде чагылдырылган.


Тасма “Оймо” студиясы “Айтыш-Фильм” студиясы менен биргеликте КРнын маданият, туризм жана маалымат министрлигинин кинематография департаментинин каржылык колдоосу менен тартылган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.