Ата-энесин багуудан баш тарткан жарандар жазага тартылышы мүмкүн

Эми ата-энесин карабай, таштап кеткен жарандар 2,5 жарым жылга эркинен ажыратылып же 200 миң сом айып төлөшү мүмкүн. Мындай мыйзам долбоорду эл өкүлү Тазабек Икрамов демилгеледи. 

Аталган мыйзам-долбоордун демилгечиси Тазабек Икрамовдун айтымында, мындай мыйзам коңшу өлкөлөрдө  кабыл алынып, жакшы натыйжасын берип жатат.

“Балдары тараптан кордук көрүп, көчөдө калган кары-картаңдарды мамлекет коргоого алып, балдарына чара көрүлбөсө, анда өлкөбүздө жүрөк өйүткөн мындай маселелер азайбашы анык. Бирок кароосуз калган ата же эне баласына карата доо арыз жазбаса, анда кылмыш иши козголбойт”,- дейт эл өкүлү.

Бишкек шаардык социалдык- стационардык мекемесинин директору Эркингүл Абдылдаева сунушталып жаткан мыйзам долбоордон кары-картаңдардын үмүтү чоң экендигин айтат.

“Атасын жана энесин таштаган балдарга ушунчалык нааразы болом. Кандай болбосун, эмне кыйынчылык болбосун ата-энесин таштабай, багышы керек. Бирок ар кандай абалдар болуп калышы ыктымал. Ошондуктан, ата-энени бакканга милдеттендирилген баланын жашоо-шартына да көңүл бөлүү керек”,- дейт Эркингүл Абдылдаева.

Айрым талдоочулар мыйзам кабыл алынса  үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктерди жаратып, ата-энеге балдары тарабынан зомбулук күч алат деген пикирде.

Укук коргоочулар мыйзамды  ишке ашыруу бир топ кыйынчылыктарды жаратаарын белгилешет.

“Бала деген өзүнүн аң-сезими менен ата-энени таштабашы керек экендигин түшүнүшү керек. Бирок ошону түшүнбөй, атасын же энесин таштаган балага сөзсүз жаза каралышы керек. Бул мыйзам бир топ кыйынчылыктарды жана нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн, бирок ишке ашырса болот”,- дейт укук коргоочу Рита Карасартова.

Учурда социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы 17 стационардык мекеменин алтоосу карылар үйү. Анда 800 гө жакын кары-картаңдар күн кечирип келишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген