Ата-энеңе кылган мамилең – сенин жазган аңгемең. Аны балдарың сага окуп беришет

“Бир жигит ооручкан картаң энесинен кутулууну каалайт. Энесин мойнуна көтөрүп тоого алып барууга бел байлайт. Жолдо коюу дарактардын арасынан өтүшөт. Энеси байкатпай дарактардын бутактарын сындырып, уулуна жол ачып кетет.

Тоонун чокусуна келгенде энесин калтырып, артты көздөй жөнөйт. Бир аз алыстап жолун таппай калат. Аңгыча алыстан энесинин чакырган үнүн угат. Кайра барса энеси “уулум сен кайтканыңда жолду таппай калбасын деп кадам сайын шактарды сындырып белги кылып кеткенмин. Ошол жол менен кетсең адашпай айылга жетип аласың”, – дейт.

Баласы энесинин мээримдүүлүгүн көрүп, көзүнө жаш алып ыйлап, энесин жонуна көтөрүп кайра айылга алып келип, урматтоо менен жашоосун улантат”.

Бул сыяктуу араб тилинен которулган чыгармалар бир катар кыргыз тилдүү гезит, журналдарда жарыяланат. Байма-бай которулуп, социалдык желелер аркылуу да чыгып турат. “Ынтымак” бул сыяктуу эмгектердин ээси, котормочу, журналист Жыргал Шамшиев менен маектешти.

-Араб тилинен кыргызчага которгон чыгармалар эмнеси менен окурмандарды тарта алат?

– Мен чакан аңгеме же көлөмдүү чыгарма которбойун маанилүү экендигин эске алам. Анткени чыгарма окурманга канчалык таасир калтырат, тарбия алчу жагы барбы? Ошонусу мааниге ээ. Экинчи тарабы аңгеменин кыргыз улуттук менталиттетине канчалык туура келери каралат. Акыркы учурларда ата-энеи сыйлоо, балага туура тарбия берүү жаатындагы котормолорго маани бере баштадым. Себеби ушул өндүү чыгармаларга окурмандар жакшы тартылып, маани берүү менен окушат.

-Которгон чыгармаларыңыз кандай журнал, гезиттерге жарыяланат?

-Алгачкы чыгармаларым “Курдаш” журналына жана “Кыргыз куту” гезитине чыгып турчу. Бардык аңгеме топтолгон жыйнактарды эки китеп кылып басып чыгарууга даярдап койгом. Бирок китеп болуп чыга элек. Акыркы учурларда болсо социалдык тармактар аркылуу көп жарыялана баштады. Анткени азыр көпчүлүк социалдык тармактарды колдонуп, көпкө чейин которгон чыгармаларды жарыялабай койсоң, издеп калышат.

                                     Унутпа

Жашоо чоң гипермаркет сыяктуу, сен аралап жүрүп жаккан нерсенин баарын аласың. Бирок алдыңда касса бар экенин унутпа. Бардык алган нерсендин акысын төлөйсүң.

Ата-энеңе кылган мамилең сенин жазган аңгемең, аны балдарың сага окуп беришет.

Өлүм сенин онолушунду күтпөйт. Сен онолуп өлүмдү күт.

Дудук соонун үн менен куран окугусу келет,

Дүлөй аны уккусу келет.

Көр болсо көргүсү келет.

Канча жылдан бери чыгармаларды которуу менен алектенсиз?

Жалпы жети жылдын жүзү болуп калды. Максатым таасирдүү, маанилүү болгон чыгармаларды кыргыз тилинде да окурмандарге жетишин каалайм. Ошондуктан убакыт болгондо эле аңгеме, цитаталарды которо койом. Бирок окурмандарын таап кете алат.

                              Бир туугандыктын орду алмашкыс

Айтылуу Хажаж бин Юсуф үч кишини колго түшүрүп, аларга өлүмгө буйрук чыгарат. Аларды калын элдин алдына алып чыгып, баш алуучу кылычын даярдап эми чабайын дегенде падыша четте ыйлап турган сулуу аялга көзү түшөт. Баш алуучуну токтотуп, ыйлап турган аялды алып келүүгө буйрук берет.

Падыша: “эмнеге ыйлап жатасыз?” -деди.

Аял: “тиги өлүмгө буюрулгандардын бирөөсү күйөөм, экинчиси иним, үчүнчүсү уулум. Бир боорлорум өлүм алдында турса, мен ыйлабай ким ыйласын”, -деди.

Падыша ал аялга сый-урмат ирээтинде бирин тандоосун жана аны кечирээрин айтты. Төгөрөктө турган элдин баары уулун тандайт деп турушту.

Бир саамга унчукпай турган соң “бир тууганымды тандайм”, – деди. Жообуна тан калган падыша “эмнеге уулуңду же күйөөңдү тандаган жоксун?” -деди.

Аял  “башка күйөө таап турмушка чыгышым мүмкүн. А турмушка чыккандан кийин уулду да төрөп алышым  мүмкүн. А бирок башка бир тууган төрөлүшүнө себепкер боло турган ата-энем жок. Ошондуктан бир тууганымды тандадым” , – деди.

Бул окуя эл ичине дуу тарап кетти. Падыша аялдын акылмандыгына, даанышмандыгына таң берип үчөөн тең кечирип жиберет.

                                    Карыган кемпирдин окуясы

Сөзүн мындай баштайт: Менин үч уулум бар. Мен алардан бөлөк өзүм жалгыз жашайм. Бир күнү улуу уулумдун үйүндө конок болуп түнөп калуу үчүн бардым. Эрте менен келинимден дааратка суу алып келүүсүн сурандым. Алып келген сууга даарат алып, калганын өзүм жаткан төшөккө төгүп салдым.

Эрте мененки тамак учурунда келиниме: “Кызым картаң кишини билесиң. Төшөккө заара ушатып койдум” – деп сөзүмдү аяктагыча мени каргап уруша баштады. “Төшөктү жууп кургатып кой, экинчи кайталоочу болбо. Эгер кайра кайталоочу болсоң деп урушуп жатты. ” Мен ачуумду жутуп, төшөктү жууп кургатып койдум да, экинчи уулумдун үйүнө бардым. Анын үйүндө да кайталадым. Келиним катуу зекиди. Мага болушат го деген ойдо уулума айтсам келиниме унчуккан жок. Алардын үйүнөн да чыгып, кенже уулумдукуна бардым. Ал жерде да кайталадым. Эрте мененки чайда келиниме абалымды айттым. Келиним “эч нерсе эмес энеке, биз кичинебизде канча ирет көйнөгүңүздөрдү булгап койгонбуз. Бул карылыкта боло турган көрүнүш.” – деп жууп, кургатып койду.

Мен келиниме “кызым, менин бир кошунам бар. Ал мага базардан зер буюмдарды ала келүүм үчүн акча берген эле. Жүр мени менен базарга барып, түрдүу зер буюмдарды алып келели”,- деп сунуш киргиздим. Экөөбүз толгон токой алтын күмүштөрдү алып чыкты.

Ошол күнү кечинде балдарымды аялдары менен кошо кичине келиндин үйүнө кечки тамакка чакырдым. Баарына болгон окуяны төкпөй чачпай айтып бердим. Сатып алган зер буюмдарды кенже келиниме бердим да: “Мына ушул келиним мен эч нерсеге жарабай калган мени карайт. Калган өмүрүм ушул келинимдин үйүндө өтөт.”-дедим. Калган эки келин кылгандарына аябай өкүнүштү.

-Алдады дагы кандай чыгармаларды которуу пландарыңыз бар?

-Дагы түрдүү чыгармаларды которууну улантам. Көлөмдүү аңгемелерди которуу пландарым бар. Анан бардык чыгармалар жыйнагы эки китеп кылып чыгарсам деп жүрөм.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz