«Ата-Бейитте» коронавирустан каза болгон маркумдарга Куран окулду

Бүгүн, 30-июлда, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон маркумдардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү.

Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек  Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.

Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен бул илдет өлкөнүн көптөгөн жарандарынын өмүрүн алып кетти.

Аза күтүү күнүндө Кыргызстандын бүткүл аймагында тиешелүү иш чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.

Кыргызстандын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген