Ат уурдаган жаран видеого түшүп калган. Шектүү кармалды

Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымына караганда, кармалган шектүү аталган райондун 1983-жылы туулган жараны болуп чыккан.

11-ноябрь күнү, Өзгөн районунун Ийрек айылынын тургуну 1954-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 09:30 чамасында Өзгөн районунун Прогресс айылында жайгашкан мал базардын ичинде бир баш кара түстөгү жылкысын белгисиз атуулдар уурдап кетишкенин айткан. Натыйжада ал сексен миң сомго материалдык зыян тарткан.

“Шектүү жаран байланып турган атты алып кетип атканда видео каттоо камерасына өзүн ал атты сатып алган киши катары көрсөтүп, чыгып кеткен. Ошол видео аркылуу ким экени аныкталып, кармалды. Азыр ал ат далил буюм катары алынган жана териштирүүдөн кийин ээсине кайтарылат”,-деди Аширбаев.

Учурда кармалган жаранга карата Жазык Кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан башка да кылмыштарга катышы бар жогу такталууда.

Милициядан кошумчалашкандай, ал жаран мурда да эки ирет мал уурулук менен соттолгондугу белгилүү болгон.

Фото: Ош облустук ИИБнын маалымат кызматы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген