Ат-Башыга соода-логистикалык борбор куруу үчүн берилген 45 млн сом ээсине кайтарыла элек

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды. Бул тууралуу 24.kg сайты өкмөткө шилтеме берүү менен жазды.

Ат-Башы районунун калкы аталган долбоорду ишке ашырууга каршы болгондуктан, долбоор өз ишин токтотууга туура келген.

«Нур Строй Монтаж» ЖЧКсынын жана «One Lead One Trading Limited» компаниясынын ортосундагы «Нарын» эркин экономикалык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу тууралуу келишим жокко чыгарылды”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда 200 гектар жерди трансформациялоо жөнүндө токтомду жана аны «Нарын» ЭЭАга берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйрукту жокко чыгаруу процесси даярдалып жатат.

Ал эми инвестор тарабынан бөлүнгөн 45 миллион сомго жакын өлчөмдөгү каражат ээсине кайтарылуу алдында турат.

Премьер-министр: инвесторлордун тартылышы өлкөгө ири пайда алып келээрин жаштар түшүнүшкөн жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген