Асрандиев: иштеп жаткан мекемелер күн сайын дезинфекцияланышы керек

Учурда өлкө аймагында иштеп жаткан бардык мекемелер санитардык эрежелерди сактап, күн сайын дезинфекцияланып туруусу керек. Бул тууралуу  вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүнкү пресс-конференция учурунда билдирди.

Кыргызстанда 1 айга өзгөчө кырдаал жарыяланган. Азык-тулүк саткан дүкөндөр, соода жайлары, коммуналдык кызматтар, банктар, ооруканалар, өндүрүш ишканалары иштейт.

“Кыргызстандын чек аралары Казакстан жана Өзбекстан менен ачык. Ал жактан азык-түлүк гана өткөрүлөт. Бүгункү күндө Казакстандан эки чек ара бекети аркылуу күн сайын ун жана суу май өтүп жатат”, – деди Асрандиев.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

ДССУ маалыматтарына ылайык, 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган.

Ошондой эле Орусияда – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 46, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.

Жылкыбаев: санариптик технологияларды пайдалануубуз зарыл. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген