Асрандиев: ачык айтыш керек, толугу менен салыктан бошото албайбыз

Кыргызстандын Өкмөтү башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошотуп же кайтарымсыз негизде насыялоо бере албайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

“Биздин бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учурдагы кырдаалды так түшүнүү керек. Анткени биз республикалык бюджеттен каржыланган жарандарыбыз алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз зарыл – бул пенсияларды, жөлөк пулдарды жана айлык акыларын төлөө”, – деди вице-премьер-министр.

Асрандиев кошумчалагандай, бизнеске жардам берүү маселеси учурда иштелип жатат.

“Учурда эки булак бар – РКӨФ жана биздин эл аралык донорлорубуз. $150 млн чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк жана Ислам Өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, – деп билдирди ал.

Вирус жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген