Аскерге жазгы чакыруулар башталды

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды. Кызматын өтөп бүткөн жоокерлерди запаска бошотуу жана альтернативалык кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, 18 жашка толгон жана чакырууну кийинкиге калтыра албаган эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга кызматка чакырылат.

Ал эми аскердик жана альтернативалык кызматын өтөп бүткөн жоокерлер Куралдуу күчтөрдүн катарынан запаска бошотулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.