Аскерге чакыруунун күзгү өнөктүгү башталды

Өлкөдө аскерге чакыруу жараяны башталды. Ага байланыштуу  бүт аймактарда аскер курагындагы уландар медициналык кароодон өтүп жатышат. Анын ичинде Ош шаарында да өз каалоосу менен аскердик кызматты өтөөгө кызыктар жаштар ден соолугун текшертишүүдө.

Ош шаардык аскер комиссариатынын берген маалыматына караганда, күзгү аскерге чакыруу компаниясы 1-октябрдан 30-декабрга чейин жүргүзүлөт.

“Аскердик кызматка баруу эр жеткен ар бир жигиттин милдети гана болбостон алардын келечегине да олутту таасирин тийгизет. Анткени 1 жылдык аскер кызматын өтөгөндөр, күч кызматында  эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк кеңири. Акыркы 3, 4 жыл аралыгында аскерге өз каалоосу менен баргандардын саны өскөн. Мурункудай уландарды мажбурлоо менен аскер кызматын өтөөгө  алып кетүү токтотулган”,- дейт Ош шаардык аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы Каныбек Раимбердиев.

Кыргызстанда анык аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жыл. Быйылкы күзгү аскердик чакырууда болжол менен 1500 бала альтернативдик, ал эми 150дөн ашуун бала анык аскердик кызматка чакырылышы керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген