Аскердик пенсия жогорулады

Аскердик пенсия 2021 -жылдын 1 -августунан тартып көбөйдү. Бул тууралуу коргоо министрлигинин пенсия бөлүмүнүн башчысы Ханзада Осмоналиева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аскер кызматкерлеринин пенсиясы 2011 -жылдан бери жогорулатылган эмес.

Ал билдиргендей, өлкөдө аскер кызматкерлеринин минималдуу пенсиясы 5 миң сом, эң жогорку пенсиясы 35 миң сом болот.

«Аскер кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатууда эмгек стажы жана эмгек акысы эске алынат. Анын өлчөмүн жогорулаткандан кийин минималдуу сумма 5 миң сомду түзөт, эң чоңу 30-35 миң сомду түзөт », – деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.