Аскаров: ЕАЭБ – бул өзүнүн иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор

Евразия экономикалык биримдиги – бул бүгүнкү күндө тышкы факторлордун таасирине карабастан, иштеп баштаган биринчи беш жылдыгында эле иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров “Кыргызстандын ЕАЭБге интеграцияланышындагы негизги жыйынтыктары жана келечеги” аталышындагы конференциянын ачылышында билдирди. 

Вице-премьер-министр макулдашуу менен эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүдө мигранттардын эркин жүрүүсү тууралуу жана билим менен социалдык кепилдик жөнүндөгү документтердин таанылышы Кыргызстандын утушу болгонун билдирди.

“Евразия экономикалык биримдигинин негизги максаты – биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн товарлардын бирдиктүү базарына, кызмат көрсөтүүгө, капиталга жана жумушчу күчүнө жеткиликтүүлүгүнүн эркин болушун камсыз кылуу. ЕАЭБ өлкөлөрү товарларды алып кирүү бажы төлөмсүз ишке ашып жатат, ал эми татаал делген маселелер боюнча биз диалог жолу менен бир пикирге келүүдөбүз. Ушул жылдын апрель айында ата мекендик ветеринардык көзөмөл системасынын эквиваленттүүлүгүнүн таанылышына жетиштик. Бул ЕАЭБ ишканаларынын реестрине катталган биздин ишканаларга жакшы таасир этери талашсыз. Бул жылы өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7,2 миллиарддан ашуун АКШ долларына жетери күтүлүүдө”, – деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Замирбек Аскаровдун айтымында, мына ушул артыкчылыктарды үчүнчү өлкөлөр көрүп, ЕАЭБге кызыгуусун билдиришүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген