Аскарбек Шадиев – Кыргызстан тарыхындагы алгачкы министр-депутат

Жогорку Кеӊеш биринчи вице-премьер-министрликке көрсөтүлгөн Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Жаңы Коснтитуция боюнча ал депутаттык ыйгарым укуктарын сактап калат жана ЖК отурумдарында добуш бере алат.

Шадиевди биринчи вице-премьерликке өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган.

Премьер-министр Аскар Шадиев отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын, ал бул маселелерди жакшы билерин, тажырыйбалуу кадрлардын бири экенин белгиледи.

«Конституцияга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. Анын тагылган милдетти аркалап кете аларына кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыӊдалат», – деди ал.

Аскарбек Шадиев чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга өз ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да кыоргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга убада берди.

Белгилей кетсек, «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланып келген Аскарбек Шадиев ушул тапта эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп саналат.

Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьерликтен кетип, вице-премьер-министр болгондон кийин Аскар Шадиев келген жогорку кызмат оруну бош турган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген