“Аскар Акаев учурда Бишкек шаарында”

Мурдагы президент Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкек шаарына жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдиргенин Akipress жазды.

Буга чейин Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкекке келери айтылган.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.